Биз менен байланышыңыз

Бишкектин «Алга» футболдук клубунун башкы машыктыруучусу алмашты

Кыска кабар , Спорт | 11 Янв 2023 | 629 | 0

Самат Сүймалиев Бишкектин «Алга» футболдук клубунун башкы машыктыруучусу болуп дайындалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Кесиптик футбол лигасынын басма сөз кызматы билдирди.

Клубдун машыктыруучулар курамында да өзгөрүүлөр болду — Руслан Жаныбеков дарбазачылардын машыктыруучусу, ал эми Бакай Зайырбеков машыктыруучунун жардамчысы болду.

Самат Сүймалиевдин келишими 2023-жылдагы сезондун аягына чейин, бирок узартуу мүмкүнчүлүгү бар.

2022-жылкы сезондо «Алга» командасын Валерий Березовский машыктырган. Анын жетекчилиги астында команда 3-орунду ээлеп, коло медалдарга ээ болду.

34 жаштагы Самат Сүймалиев буга чейин Кыргызстандын жаштар курамасын жетектеп келген. 2015-жылы жаштар курама командасын Азия чемпионатынын финалдык туруна алып чыккан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM