Биз менен байланышыңыз

Кытай жана Венгрияда акысыз билим алуу. Сынактын жол-жобосу

Блог | 10 Янв 2023 | 282 | 0

Венгрия жана Кытайдагы ЖОЖдорго конкурстук тандоого катышуу үчүн документтерди кабыл алуунун мөөнөтү 15-январга чейин узартылды.

“Stipendium Hungaricum” программанын алкагында Венгрия кыргызстандыктарды акысыз окутууга 200 гранттык орун бөлүп берди.

Ал эми Кытайдын окуу фондун башкаруу боюнча мамлекеттик комитети Кыргызстандын жарандарын Кытайдын жогорку окуу жайларында окутуу үчүн 2023-2024-окуу жылына 23 өкмөттүк стипендия бөлүп берди.

Аталган программага студенттер кантип каттала алышат, документтердин тизмеси жана башка жол жоболору туурасында Билим берүү жана илим министрлигинин Эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башкы адиси Эрлан Кожоев маалымат берди.

  • Каалоочулар бул программага кантип катталса болот?

Каттоо Билим берүү жана илим министрлигинин расмий сайтындаus student.gov.edu.kg онлайн платформасы аркылуу жүргүзүлүүдө. Ошол жакта онлайн түрүндө документтерин тиркеп, каттоодон өтүшү керек.

  • Кайсы документтер керектелет?

Венгриянын ЖОЖоруна тапшыруу үчүн:

Орус жана англис тилдеринде учурдагы резюме;

Билими тууралуу документ (аттестаттын/дипломдун көчүрмөсү. Эгерде талапкер дагы эле студент болсо-акыркы чейрек/семестр үчүн милдеттүү мектеп/университет бүтүрүү баракчасы/табель орто баллы менен);

2021-жылдын 1-сентябрынан эрте эмес берилген англис тилин билүү деңгээлин тастыктаган документ (TOEFL же IELTS тесттин жыйынтыгы кабыл алынат). 2021-жылдын 1-сентябрынан мурда берилген башка сертификаттар жана документтер кабыл алынбайт;

Сунуш кат;

Талапкердин жетишкендиктери жөнүндө сертификаттардын, дипломдордун, Ардак грамоталардын, макалалардын, илимий жарыялоолордун, ошондой эле башка документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);

086 медициналык справка (же чет өлкөгө окууга кеткендер үчүн справка)  2022-жылдын 1-июлунан эрте эмес берилген;

ВИЧ /СПИДдин жоктугу жөнүндө маалымкат, 2022-жылдын 1-ноябрынан эрте эмес берилген;

2022-жылдын 1-ноябрынан эрте эмес берилген соттолбогондугу тууралуу маалымкат;

2022-жылдын 1-ноябрынан эрте эмес берилген үй-бүлө курамы жөнүндө маалымкат;

18 жашка чыга элек жана паспорт албаган адамдарга-туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;

Чет өлкөгө чыгуу үчүн паспорттун көчүрмөсү.

Кытайдын ЖОЖдоруна тапшыруу үчүн:

Резюме орус же англис тилдеринде;

Паспорттун көчүрмөсү (жарактуулук мөөнөтү 2024-жылдын 1-мартынан кечиктирилбестен);

Эгерде талапкер дагы эле окуп жаткан болсо, орто билим жөнүндө аттестаттын көчүрмөсү — табель/транскрипт милдеттүү түрдө алынган орто балл менен, англис тилине котормосу менен, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн;

Кытай же англис тилдеринде жазылган Study plan, эң аз дегенде 200 сөз.

Кытай тилин билүү деңгээли (HSK) сертификаты (милдеттүү түрдө 3-деңгээлден төмөн эмес);

Окуу жайынан 2 сунуш кат (англис же кытай тилдеринде);

Англис тилин билүү деңгээли жөнүндө сертификат (TOEFL, IELTS)

Талапкердин жетишкендиктери жөнүндө сертификаттардын, дипломдордун, Ардак грамоталардын, макалалардын, ошондой эле башка документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);

КЭРге окууга кетип жаткан жарандар үчүн медициналык маалымкат;

Соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;

Үй-бүлө курамы тууралуу маалымкат.

  • Кайсы факультеттерге же адистиктерге тапшырса болот?

Кыргызстандын жарандарына Венгрия жана Кытайдын ЖОЖдорунда бакалавриат, бир деңгээлдүү магистрдик программа, магистратура жана докторантура программалары боюнча венгр же англис тилдеринде, ал эми Кытайда кытай тилинде окууга гранттар бөлүнгөн.

Негизи талапкерлер ЖОЖдорду жана адистиктерди өздөрү андашат. Бирок байкоо боюнча көбү IT-технологияларды, медицина тармагын жана бизнес-инкубатор сыяктуу жаңы чыгып жаткан адистиктерге суроо талап жогору болууда.

  • Программанын стипендиаттарына кандай артыкчылыктар каралган?

Программанын стипендианттарына:

Акысыз окутуу;

Бакалавриат, бир деңгээлдүү магистратура жана магистратура программалары үчүн ай сайын стипендия 43,700 форинт, докторантура программалары үчүн биринчи этап үчүн 140,000 форинт (4 семестр) жана экинчи этап үчүн 180,000 форинт (4 семестр) калтырат;

Жатаканадагы орун же айына 40 000 форинтке чейинки сумма ижарага алынган турак жайга төлөнөт;

Венгриянын жана Кытайдын мыйзамдарына ылайык медициналык камсыздандыруу.

Ал эми виза алуу боюнча чыгымдар, ошондой эле транспорттук жана башка чыгымдар стипендиялык программанын катышуучулары тарабынан өз алдынча жабылат.

  • Катышуучулардын жаш курагы боюнча чектөөлөр барбы?

Ооба, төмөндөгүдөй чектөөлөр бар:

— «тилдик стажировка» программасы боюнча — 18 жаштан жогору;

— «бакалавр» программасы боюнча -18 жаштан 25 жашка чейин;

— «магистр» программасы боюнча — 35 жашка чейин;

— «докторантура» программасы боюнча — 40 жашка чейин болушу шарт.

Конкурстук сыноолорго каттоо жана катышуу акысыз негизде жүргүзүлөт.

Адис башка агенттиктер аркылуу тапшырбоого жана алардын тапшыруу кызматтары үчүн акы төлөбөөгө чакырат, анткени программа билим берүү министрлигинин агенттиктер менен эмес, Темпус коомдук фонду менен түздөн-түз кызматташуусу аркылуу ишке ашырылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM