Биз менен байланышыңыз

Чаткал: Красная горка — Ак-Таш унаа жолу ачылды

Кыска кабар | 4 Янв 2023 | 214 | 0

Бүгүн, 4-январда Красная-Горка — Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырымга чейинки аралыгында түшкөн кар көчкү тазаланып, каттам толук ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда 3-январь күнү саат 23:30 чамасында «Красная Горка — Ак-Таш» унаа жолунун болжол менен 4-чакырымында кар көчкү түшүп, унаа каттамын эки тараптуу жаап калган.

Бүгүн жерине тазалоо иш чараларын аткаруу максатында  №27 ЖТИден 1 жүктөгүч жана 1 манипулятор тартылып, жолдогу тазалоо иши жүргүзүлдү. Маалыматка ылайык, жабыркагандар жок.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM