Бүгүн, 4-январда Красная-Горка — Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырымга чейинки аралыгында түшкөн кар көчкү тазаланып, каттам толук ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда 3-январь күнү саат 23:30 чамасында «Красная Горка — Ак-Таш» унаа жолунун болжол менен 4-чакырымында кар көчкү түшүп, унаа каттамын эки тараптуу жаап калган.
Бүгүн жерине тазалоо иш чараларын аткаруу максатында №27 ЖТИден 1 жүктөгүч жана 1 манипулятор тартылып, жолдогу тазалоо иши жүргүзүлдү. Маалыматка ылайык, жабыркагандар жок.