Биз менен байланышыңыз

Жапаров: «Экономика өстү, муну жаңы жылдык даярдыктан эле көрсө болот»

Кыска кабар | 3 Янв 2023 | 420 | 0

Коррупцияны толук жеңүү мүмкүн эмес. Бул бийликтин жана адамдын табиятында бар. Болгону мүмкүн болушунча анын деңгээлин азайтууга болот.

Мындай пикирин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Кабар» мамлекеттик агенттигине маек куруп жатып айтты.

Жапаровдун пикиринде, коррупция менен күрөшүүдө жогорку бийликтин таза болушу чечүүчү мааниге ээ. Бул жагынан алганда, өлкөнүн «денесин дат кылган рак шишиги» жок кылынды жана «микроорганимздер» менен күрөшүү оңой болот.

Журналист Акылбек Жапаровдун өзүн коррупцияга аралашкан деп айыпташарын сураган. Жапаров бул суроого жооп берип жатып, Уинстон Черчиллдин сөзүн мисал келтирген:

«Ар бир үргөн итке таш ыргытсаң, эч качан көздөгөн жериңе жетпейсиң». Мага жасалган чабуулдарды байкаганга убактым жок» , — дейт Жапаров.

Акылбек Жапаров өзү баштаган министрлер кабинети жасаган иштер тууралуу да айтып, бюджеттин кирешесинин бир нече эсе көбөйүшү, куралдуу күчтөргө болуп көрбөгөндөй колдоо, айлык акы жана пенсиянын жогорулашын белгиледи.

Ошол эле учурда баанын көтөрүлүшү, инфляция жөнүндө да айтты:

— Ооба, ошондой терс көрүнүш бар. Бирок бул дүйнөлүк тенденцияга байланыштуу. Баалардын көтөрүлүшүнө, инфляцияга биринчи кезекте сырткы факторлор себеп болуп, андан чыга албай жатабыз. Ковид, блокадалар, кризистер дүйнөлүк экономиканын гиганттарын катуу солкулдатты, биздикине окшогон чакан экономикалар жөнүндө эмне айтууга болот.

Бирок биз кол куушуруп отурган жокпуз. Тышкы факкторлордун таасирин азайтуу боюнча иштерди жүргүздүк. Биз кризиске каршы чаралардын планын өз убагында кабыл алдык, бул экономикабызга тийген соккуларды жеңилдетүү үчүн гана эмес, анын өсүшүн камсыз кылууга да мүмкүндүк берди. Мен бул жерде цифраларды келтирбей эле коёюн, бирок элдин жаңы жылды тосууга даярданып жатканы ушул иштин жыйынтыгы» , — деди Акылбек Жапаров.

Акылбек Жапаров: Бюджетти эки жылда эки эсе көбөйттүк

Copyright © 2017 Maral FM