Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров: Бюджетти эки жылда эки эсе көбөйттүк

Кыска кабар | 28 Дек 2022 | 398 | 0

Кыргызстандын бюджети 2022-жылдын аягына 434,8 млрд сомду түзөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өкмөттүн 28-декабрдагы жыйынында айтты.

Акылбек Жапаров акыркы эки жылда бюджетти эки эсе көбөйтө алганын, кийинки жылы 503 млрд сомго жете турганын айтты.

«Бүгүн эрте менен президент Садыр Нуркожоевичке доклад бердим, буйруса болжолдуу түрдө жылды 434,8 млрд сом менен жаба турган болуп жатабыз. Биз эки жылда бюджетти эки эсе көтөрдүк. Садыр Нуркожоевич бийликке келгенде болгон консолидацияланган бюджеттин көлөмү 247 млрд сом болсо, эмдиги жылы биз 503 млрд сомду алабыз деп жатабыз», — деди төрага Жапаров.

Министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйынына президент Садыр Жапаров да катышууда. Анда өкмөттүн 2022-жылы аткарылган иштери боюнча отчету угулуп, 2023-жылга иш планы каралууда.

Copyright © 2017 Maral FM