Биз менен байланышыңыз

НАТОнун башкатчысы: Орусия-Украина согушу узакка созулат окшойт

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Янв 2023 | 521 | 0

Түндүк Атлантика Келишим Уюмунун (НАТО) башкы катчысы Йенс Столтенберг BBC радиосуна берген маегинде Орусия-Украина согушу бир топ жылга созуларын божомолдоп, Батыш өлкөлөрүн Украинаны колдоо үчүн узак мөөнөттүү даярдык көрүүгө чакырды.

«Биз узак мөөнөттүү сапарга даярданышыбыз керек, себеби Орусия өзүнүн башкы максаты болгон Украинага үстөмдүк орнотуу ниетинен кайтпасын көрүп турабыз», — деген ал.

Ошондой эле ал украин армиясынын ийгиликтерин көрүп, «Киев жакында жеңишке жетет» деген алдамчы сезимге алдырбай турууну эскерткен.

«Украин армиясы бир нече айдан бери каршы чабуулга өтө башташты. Ошол эле учурда Орусия аскердик мобилизация жарыялап, жоокерлеринин катарын толуктай баштады. Армиянын катарына чакырылгандар учурда аскердик машыгуудан өтүп жатышат. Демек, бул Орусиянын согушту улантуу, кайрадан чабуулга өтүү ниети бар экенин кабарлап турат», — деген башкы катчы.

Йенс Столтенберг бардык согуш тынчтык келишими менен аяктаарын белгилеп, а бирок ошол келишим түзүлгөндөн кийин Украинанын эркиндиги сакталып калышы керектигин, андыктан украин армиясын колдоо зарыл экенин айткан.

Орусия армиясы 2022-жылдын 24-февралында Украинага кол салган. Башка мамлекеттер тарабынан бир нече жолу элдештирүү аракеттери жасалганынан майнап чыкпай, согуш учурда да токтобой келет.

Украина Орусиянын согуш башталгандан берки чыгымын жарыялады

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM