Биз менен байланышыңыз

Украина Орусиянын согуш башталгандан берки чыгымын жарыялады

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Янв 2023 | 986 | 0

Күнүнө 700 баскынчыны жок кылуудабыз. Бул маалыматты Ukraine NOW Телеграм-каналы жарыялап, аны Украина президенти Владимир Зеленский өз баракчасына бөлүштү.

Алар Орусия тарап согуш башталгандан ушул күнгө чейин канча коротууга учураганын төмөнкүдөй тизмектеген:

  • 106 миң 720 жоокер;
  • 3 миң 31 танк;
  • 6 миң 84 брондолгон аскердик унаа;
  • 2 миң 21 артиллериялык оор курал-жарак;
  • 423 жапырт атылуучу реактивдүү курал (РСЗО);
  • 213 аба чабуулунан коргонуу куралы (ПВО);
  • 283 учак;
  • 269 тик учак;
  • 1792 учкучсуз учуучу аппарат;
  • 723 канаттуу ракета;
  • 16 кеме;
  • 4720 автоунаа жана күйүүчү май ташыган унаа;
  • 181 атайын техника.

Айта кетсек, 2022-жылдын 31-декабрында Орусия армиясы Украинанын борбору Киев шаарына чабуулга өткөнүн бир катар басылмалар жазган. Маалыматты шаар мэри Виталий Кличко да тастыктап, үч райондо имараттар кыйрап калганын билдирген.

Орусия армиясы 2022-жылдын 24-февралында Украинага кол салган. Башка мамлекеттер тарабынан бир нече жолу элдештирүү аракеттери жасалганынан майнап чыкпай, согуш учурда да токтобой келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM