Биз менен байланышыңыз

Милиция дарыгерлердин кармалышы боюнча түшүндүрмө берди

Кыска кабар | 2 Янв 2023 | 3371 | 0

Бишкек шаарынан беш балдар дарыгеринин кармалышы боюнча Ленин райондук ички иштер бөлүмү маалымат берди.

Мекеменин басма сөз кызматкеринин айтымында, 2022-жылдын 14-ноябрында саат 9:13тө «102» кызматына чалышып, шаардын борбордук өлүкканасына жаш баланын сөөгүн алып келишкенин айтышкан. Бул факт маалыматтарды каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки иликтөө башталган.

Алгачкы териштирүүлөрдө маалым болгондой, ичи катуу ооруган баланы ооруканага 13-ноябрда саат 7:00дө алып келишкен. Ошол эле күнү баланы 12:30да башка оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткиришкен. Бала ал жерден эсине келбей чарчап калган.

Факт боюнча 146-берене (медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу) менен иш козголуп, экспертиза дайындалган. Эксперттердин корутундусунун негизинде баланын өлүмүнө шектүү катары 1962-жылы туулган М.Ж., 1955-жылы туулган И.Р., 1994-жылы туулган К.Б., 1990-жылы туулган Э.А., 1981-жылы туулган М.К., 1995-жылы туулган А.Г. кармалып, Ленин райондук ИИБнин тергөө бөлүмүнө жеткирилген.

Ленин райондук сотунун чечимине ылайык, беш дарыгер 10-январга чейин №1 тергөө абагына камакка алынып, дарыгер И.Р. үй камагына чыгарылган.

Бишкекте беш балдар дарыгери камакка алынды

Copyright © 2017 Maral FM