Биз менен байланышыңыз

Бишкекте беш балдар дарыгери камакка алынды

Кыска кабар | 1 Янв 2023 | 2322 | 1

Бишкек шаарынын Ленин райондук соту беш балдар дарыгерин убактылуу кармоочу жайга киргизүү чечимин чыгарды. Бул тууралуу коомчулукка медицина кызматкерлеринин көз карандысыз кесиптик кошуунунун жетекчиси Бермет Барыктабасова маалымдады.

Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренеси (медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу) менен кармалган Бишкек шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасынын жана Эне менен баланы коргоо улуттук борборунун дарыгерлерин сот 10-январга чейин тергөө абагында кармоо чечимин кабыл алган.

Аталган маселе боюнча Бермет Барыктабасова өлкө башчысына кайрылуу жасады.

«Беш дарыгер тиешелүү чаралар бузулган түрдө, киши өлтүргүч катары камакка алынды. Бул — Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу күнөөсү далилденбей туруп жасалып жаткан иш. Көз жумган баланын жакындары жогорку кызматтагы адамдар болгондуктан дарыгерлерди «түрмөдө чиритебиз», «дипломуңарды тартып алабыз» деп коркутушкан. Болгон окуя объективдүү териштирилбей, күйүт басуу аракети гана болуп жаткан сыяктуу», — деп жазылган кайрылууда.

Ал ошондой эле камакка алынган дарыгерлер балдардын өмүрүн сактоо тармагында көп жыл иштеген тажрыйбалуу адистер экенин белгилеп, медицина кызматкерлерине кысым жасабоо өтүнүчүн айткан.

1 пикир

1 пикир

  1. Айдай

    01.01.2023 23:40

    Баарын дарыгерге оодарып салуу туура эмес кээ бир ата энелер балдары ооруп жатканда өздөрү кыянат мамиле кылып садике таштап же убагында дарысын бербей качан осложнение болуп кеткенде алып келип анан өкүнүчтүү аяктап калганда дарыгерге оодара салышат ким эле өз сменинде кыянат мамиле жасап балдардын чарчап калышын күтүп же сүйүнүп отурбайт да элементарный температура өлчөгөндү билбеген билсе да чекесине кармап муздак ысык деп отура бергендер жок эмес дарыгерге кесипти тандап ошол кесипти аркалап сүйүп тандап окүйт да өлтурөйүн дебейт да баарына бир гана кудай күбөө

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM