Быйыл өлкөнүн билим берүү тармагында бир канча долбоор ишке ашты. Алсак, ушул жылы окуучулардын тамак-ашына бөлүнгөн акчаны 7 сомдон 20 сомго чейин көтөрүү чечими кабыл алынды. Эгер сунуш жактырылса, январь айынан тарта жеткинчектердин тамагына бөлүнгөн акча көбөйөт. Муну менен катар мугалимдердин саны көбөйүп, мурда 2785 мугалим жетишпей келсе, азыр муктаждык 739га азайды. Ошондой эле өлкөдө биринчи жолу бала бакчаларга электрондук кезекке туруу аракети жсалады. Ал эми 12 жылдык окутуу системасын киргизүү аракети колдоо тапкан жок.
Жыл башынан бери билим берүү тармагына киргизилген жаңы системалар тууралуу сөз кылалы. Эң чоң иштердин бири – мектеп директорлорун сынак аркылуу тандоо долбоору десек болот. Бардык аймактарда жылдар бою ордун бербей келген мектеп жетекчилери кызматтан алынып, жаңылары сынактын негизинде тандалды.
Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Авазбек бул жыл билим берүү тармагы үчүн “орто” жыл болгонун, Министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйынында министрлик «4» деген баага татыганын маалымдады.
Анын айтымында, көп жылдан бери ишке ашпай келген кесиптик башталгыч билим берүү системасындагы долбоор быйыл ишке кирди. Эми башталгыч билим берүү мекемелериндеги студенттер 2 жылда окуусун бүтүрөт. Буга чейин бул окуу процесси 3 жылга чейин созулуп келген.
Мындан сырткары билим берүү тармагында бир катар санариптештирилген долбоор иштей баштады. Толугуурак министрдин орун басарынан угалы:
«№99 кесиптик лицейди кайра министрликтин алдына алып келдик. Көз карандысыз сертификация элементтери менен экзамендерди өттүк. Анын алкагында биринчи жолу бүтүрүү экзамендерин онлайн өткөрдүк. Абитуриенттерди окууга кабыл алууда жеңилдиктерди киргиздик. Бул ачыктыкты, коррупциялык иштердин алдын алууга жардам берди. Кесиптик лицейлерге 23 млн сомго өнөктөштөрдүн жардамы менен техникалык жабдыктарды алып бердик. 57 миң долларлык компьютерлерди алып бердик».
Быйыл 20дан ашык университетте бизнес идеяларды ишке ашыруу үчүн мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул — студенттердин стартап долбоорлорду түзүүсүнө түрткү бере турган эл аралык тажрыйба. Ал эркин чөйрөдө ишкердик көндүмдөрүн өркүндөтүү, сыноо аркылуу тандалган стартаптардын жана жаш компаниялардын ийгиликтүү өнүгүүсүн тездетүү, бизнести колдоо куралы болуп саналат. «Студенттик стартап» программасынын алкагында долбоорлор тандалат.
Андан тышкары июль айында 5 жогорку окуу жайына өзгөчө макам берилди. Анын максаты, жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын финансылык, материалдык жана интеллектуалдык ресурстарын консолидациялоо, потенциалын жана билим берүү кызматтарын көрсөтүүнүн дүйнөлүк рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу болуп саналат.
Өзгөчө статус Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети, И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы жана Ош мамлекеттик университетине берилди.
Өзгөчө макам алган Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков окуу жайларга өзгөчө статустун берилиши бул жылдагы билим берүүдөгү жетишкендиктердин бири болду деп эсептейт.
«Бул бир чоң кадам болду. Ар бир окуу жайдын дүйнөлүк масштабка киришине ушундай шарттар түзүлгөнү жакшы болду. Ага кирүү үчүн финансылык жактан чектөөлөр болгон. Эми мамлекет тарабынан мындай окуу жайларга эркин мүмкүнчүлүк берилди. Өзүңөрдү каржылап, ошол эле учурда дүйнөлүк рейтингге киргиле деп. Мындан сырткары оптимизациялоо боюнча да бир канча көйгөйлөр болуп келген. Буга карата алгачкы кадамдар таштала баштады. Бардык билим берүү системасындагы закондорду бириктирип кайрадан жазып, Жогорку Кеңешке киргизлип жатканы да чоң аракеттер деп ойлойм».
Бирок министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өзгөчө статус ыйгарылган 5 жогорку окуу жайдын ишин сынга алды. Өкмөттө өткөн жыйында айтылгандай, беш окуу жайга өзгөчө макам берилгенден бери 6 ай өттү, бирок өнүгүү стратегиялары, келерки жылга конкреттүү иш пландары, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана университетти башкаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан реформалар жасалган жок.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты, билим берүү маселелери боюнча адис Абдывахап Нурбаев билим берүү — ар бир өлкөнүн келечекте өнүгүшүнө чоң салым кошкон тармак деген пикирде. Ал быйыл Кыргызстандын билим берүү тармагындагы өнүгүүнү байкабаганын айтат.
«Бул жылы жарандык коом, билим берүү тармагындагы адистер менен чогуу иштеп чыккан мыйзам долбоорду Жогорку Кеңеш колдоду. Кийинки жылы бул мыйзам долбоорунун кабыл алынышы күтүлүүдө. Мына ушул мыйзамдык база болгондо гана бул тармак өнүгөт. Азыркы учурда каяктагы бир популисттик, жарым жартылай кадамдар болуп жатат. Балдарды бала бакчага жетиштирүү, мектептеги билим берүү сапатын жакшыртууга салым кошо турган иштер болгон жок».
Бул тармакта көп талкууланган долбоорлордун бири 12 жылдык окутуу системасын киргизүү болду. Бирок Жогорку Кеңештин тармактык комитети бул долбоор боюнча жетиштүү иштер жасалбаганы үчүн колдогон жок.
12 жылдык окуу программасын киргүзүү Билим берүү жана илим министрлигин Алмазбек Бейшеналиев жетектеп турганда көтөрүлгөн. Айтмакчы, быйыл Алмазбек Бейшеналиев коррупция ишине байланыштуу министрликтин жетекчилигинен кетип, ордуна Уланбек Мамбетакунов дайындалган.