Биз менен байланышыңыз

Быйыл алкоголдук продукциялардан 1,7 млрд сом акциз салыгы топтолду

Кыска кабар | 30 Дек 2022 | 226 | 0

Мамлекеттик салык кызматы 2022-жылы алкоголдук продукциялардын жүгүртүлүшүнө көзөмөл күчөтүлгөнү үчүн быйыл өндүрүлгөн алкоголдук продукциялардан 1 млрд 725,5 млн сом акциз салыгы түштү. Бул 2021-жылга салыштырмалуу 80 %га көп.

Анын ичинен «АЮ» ЖЧКсы 514,9 млн сом акциз салыгынын түшүүсүн камсыздады, бул 2021-жылга салыштырмалуу 53 пайызга көп.

2023-жылдын 1-январынан тарта акциздик марка менен маркаланбаган сыра продукциясын өндүрүүгө жана импорттоого тыюу салынат. Ал эми 2023-жылдын 1-июлунан тарта Кыргызстандын аймагында маркаланбаган сыра продукциясын жүгүртүүгө тыюу салынат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM