Биз менен байланышыңыз

Пеленин сөөгү өзү сатып алган көрүстөнгө коюлат

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 30 Дек 2022 | 1511 | 0

Футбол боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону, белгилүү футболчу Пеленин сөөгү Бразилиянын Сантос шаарындагы бийиктиги боюнча Гиннес рекорддор китебине кирген көрүстөнгө коюлат.

Жергиликтүү маалымат каражаттары жазгандай, футболчу ал жерден 19 жыл мурун жер сатып алган. Пеле бул жер ага көрүстөндөй көрүнбөгөнүн, болгону тынчтык жана бейпилдик сезимин билдирген жай экенин айтып келген. Көрүстөнгө футболчунун жакындары жана досторунун сөөгү да коюлган.

Маркумду акыркы сапарга узатуу аземине үй-бүлөсү жана жакын достору гана катышат.

Атактуу футболчу 82 жашында 30-декабрга караган түнү дүйнөдөн өттү. Ал рак менен жабыркап, бөйрөк, жүрөктүн иштешинин начарлашынан улам реанимацияда жатканы кабарланган. 8-декабрда ооруканага жаткырылып, ичеги боору жана өпкөсүндө шишик бар экени айтылган.

Дүйнөлүк маалымат каражаттары Пеле менен коштошуу үчүн даярдык иштери башталганын, атайын алтын табыт даярдалганын жазып жатышкан.

Пеле дүйнөнүн үч жолку чемпиону катары тарыхта жалгыз футболчу (1958, 1962, 1970). Бразилия курамасында 92 беттеш өткөрүп, 77 гол киргизген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM