Connect with us

2022: Кыргызстан бул жылы кимдерди жоготту?

Блог | 29 Дек 2022 | 14895 | 0

2022-жылы Кыргызстандын бир катар илим, маданият, адабият, өнөр адамдары жана коомдук ишмерлери бул дүйнө менен кош айтышты.

Молдомуса Конгантиев

Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиев быйыл февраль айында 64 жаш курагында каза болуп, сөөгү Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду. Юридика илимдеринин кандидаты, милициянын генерал-лейтенанты Конгантиев эмгек жолун 1979-жылы күзөт бөлүмүнүн милиционери болуп баштап, министрликке чейин жеткен.

Омор Султанов

Кыргыз эл акыны Омор Султанов 87 жашында дүйнөдөн өттү. Акын, жазуучу, киносценарист жана коомдук ишмер Омор Султанов Жети-Өгүз районунун Тосор айылында 1935-жылы 6-ноябрда туулган.

Ал ХХ кылымдын соңундагы кыргыз поэзиясындагы жаңы агымдын өкүлү болгон. Кыргызстан Жазуучулар биримдигинин төрагасы (2007-2009) болуп иштеген. «Жаңы Ала-Тоо» журналын негиздегендердин бири (2009).

Кыргыз прозасында мурда болбогон курч окуялуу жанрдагы «Пираты поневоле», «Остров дракона», «Таинственный всадник», «Вести с того света» деген романдардын сериясын орус тилинде жазып, (немец жазуучусу Лео Герман менен бирдикте) жарыкка чыгарган.

Султановдун чыгармалары орус, англис, немец, испан, француз, мон-гол, поляк, украин, венгер, словак, чех ж. б. тилдерге которулган. Ал А.Пушкин, М.Лермонтов, Бартольд Брехт, Пабло Неруда, Габриела Мист-раль, В.Маяковский, Н.Хикмет, К.Кулиев, Р.Гамзатов, И.Драч, Э.Межелайтис ж.б. акындардын чыгармаларын кыргыз тилине которгон.

Марат Алышпаев

Кыргыз Республикасынын эл артисти, залкар театр жана кино актёру Марат Алышпаев 75 жашында дүйнө салды. Залкар талант 3-апрелден 4-апрелге караган түнү оорудан каза тапкан.

Марат Алышпаев 1947-жылы Жети-Өгүз районунун Саруу айылында туулган. 1965-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетине тапшырган. Эки жылдан кийин окуусун аяктабай туруп, А. В. Луначарский атындагы Москва мамлекеттик театр искусство институтуна тапшырып, 1972-жылы ушул окуу жайды аяктаган.

Марат Алышпаев театр сахнасында «Гамлетте» Ричард падышанын, «Текшерүүчүдө» Хлестаковдун, «Кылым карытар бир күндө» Сабитжандын, «Алыкул Осмоновдо» Алыкулдун «Фудзиямадагы кадыр түндө» Исабектин, «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөттө» Мылгундун дагы башка көптөгөн ролдорду аткарган.

Кинодогу эмгек жолу 1987-жылы Геннадий Базаровдун «Приют для совершеннолетних» тасмасына тартылуу менен башталган. Андан тышкары Георгий Николаенконун «Кербез», Замир Эралиевдин «Шайтандын мөөрү», Геннадий Базаровдун «Кара кыз», «Метаморфоза», «Сүйүү сынагы», Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулунун «Аталар керээзи», «Акыркы көч» дагы башка көптөгөн тасмаларда башкы ролду ойногон.

Баратбай Аракеев

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, жазуучу, публицист журналист Баратбай Аракеев 72 жашында катуу оорудан көз жумду.

Баратбай Аракеев 1950-жылы Жети-Өгүз районунун Жон-Булак айылында туулган. Бир нече жыл «Асаба», «Фабула» өңдүү гезиттерде иштеп, ар кандай темадагы курч макалалары, публицистикалары менен окурман журтуна таанымал болгон.

Андан тышкары жазуучу катары да адабият чөйрөсүндө өзүнүн бийик ордун тапкан. Айрыкча эгемендик жылдардан кийин жазган «Мен сага өлүм алып келем», «Чаңдагы гүл» сыяктуу романдары китепкөйлөрдүн кызыгуусун арттырган.

Айтаажы Шабданова

2022-жылы 17-апрелде Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалуу драма театрынын  актрисасы, Кыргыз Республикасынын эл артисти Айтаажы Шабданова 75 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Айтаажы Шабданова 1946-жылы 16-июнда Ош облусунун Араван районунда  туулган. 1980-жылы Островский атындагы Ташкент театр институнун музыкалык драма артисти факультетин аяктаган.

Эмгек жолун кыргыз жана өзбек маданиятын, театр искусствосун өнүктүрүүгө арнаган Шабданова өмүрүнүн акыркы күнүнө чейин  театрда иштеп келген. Анын кыргыз, өзбек, казак, тажик, азарбайжан, уйгур  тилдеринде аткарган ырлары,  аткраган образдары азырка чейин көрөрмандардын көз алдында. Бабур театрынын сахнасында Курманжан Датка (С.Раев. «Канышанын көз жашы»), Биби Ханум (Ж.Садыков «Бабур»), Толгонай (Ч.Айтматов «Саманчынын жолу»),  Адалат (С.Абдулла «Адалат») сындуу бир катар   образдары аткарган.

Бактыбек Мамытов

Белгилүү теледиктор, Кыргыз Республикасынын эл артисти Бактыбек Мамытов 72 жаш курагында ааламдан өттү. Ал кыргыз телесинде көптөгөн жылдар эмгектенип, легендарлуу «Арноо концерти» программасынын алып баруучусу катары таанымал.

Мамытов 1950-жылы Чүй облусунун  Ысык-Ата районунда  жайгашкан Алмалуу  айылында туулган. 1971-жылы Улуттук университеттин «Журналистика» факультетине тапшырган. Ал 3-курста окуп жүргөн кезде кастингге катышып, теле тармагындагы карьерасы башталган.

1993-жылы КРнын эмгек сиңирген артисти наамын алган. 2006-жылы «Даңк» медалы менен сыйланган. Ал эми 2019-жылы КРнын Эл Артисти наамын алган.

Вячеслав Шапалов

75 жаш курагында Кыргыз Республикасынын эл акыны, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, филология илимдеринин доктору, профессор, котормочу, адабият таануучу, этнокультуролог Вячеслав Шаповалов дүйнөдөн кайтты.

Ал 1947-жылдын 28-октябрында Фрунзе шаарында (азыркы Бишкек шаары) туулган. 1966-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин орус филология факультетине тапшырып, аны ийгиликтүү аяктаган. 1971-жылы Пржевальск педагогикалык институтуна окутуучу болуп ишке кабыл алынган.

12 поэтикалык китептин, 5 монографиянын, кыргыз поэзиясынын котормолорунун 30дан ашык китебинин автору. Ырлары Россияда, Батышта, ошондой эле кыргыз, казак, украин, осетин жана башка тилдерде жарык көргөн. “Манас” эпосу жөнүндө дүйнөлүк адабияттагы биринчи олуттуу чыгарма “Манасчынын төрөлүшү” поэмасы француз тилине которулуп жарык көргөн.

Вячеслав Шаповалов СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү, Жогорку Кеңештин төрагасынын коомдук кеңешчиси болгон.

Жылдыз Малдыбаева

Кыргыз эл артисти, «Даңк» медалынын ээси, кыргыз кыздарынан чыккан туңгуч композитор, профессор Жылдыз Малдыбаева 75 жашында дүйнөдөн өттү.

Жылдыз Малдыбаева 1946-жылы 6-июлда Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында төрөлгөн. Болочок композитор кичинесинен атасы СССРдин эл артисти, кыргыз профессионал музыка искусствосунун негиздөөчүсү Абдылас Малдыбаев менен апасы Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген артисти, театр актрисасы Батипа Малдыбаевадан таалим алып, музыка дүйнөсүнө, искусство чөйрөсүнө жакын өскөн.

Эмгек жолу 1969-жылы В. В. Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтунда (учурда И. Арабаев атындагы КМУ) иштөө менен башталган. Институттун алдында «Мурас» вокалдык-аспаптык ансамблин уюштуруп, элдик жана обончулардын, композиторлордун ондогон ырларын иштеп чыккан.

Ал чыгармачылык жолунда көптөгөн хордук-вокалдык, вокалдык-симфониялык, камералык-вокалдык, аваздык-аспаптык чыгармаларды жараткан. Айрыкча, симфония, сюита, прелюдия, токката, соната жанрында көбүрөөк эмгектенген. Бир нече элдик ырды кайрадан иштеп чыккан. Көптөгөн акындардын текстине мукам обондорду чыгарган. Андан тышкары 30дан ашуун теориялык-методикалык жана хрестоматиялык китеп жазган.

Аманбек Жайнаков

Физика-математика илимдеринин доктору, Кыргыз эл мугалими, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, академик Аманбек Жайнаков 81 жашында дүйнөдөн өттү. Аманбек Жайнаков 1941-жылы 7-октябрда Талас районундагы Кырк-Казык кыштагында туулган.

1963-жылы Кыргыз мамлекеттик институтунун физика-математика факультетин, 1969-жылы аспирантурасын аяктаган. 1970-жылы кандидаттык диссертациясын, 1984-жылы докторлук диссертациясын жактаган.

1976-жылы Аманбек Жайнаковдун демилгеси менен ЖОЖдор аралык электрондук эсептөө борбору уюштурулуп, ага жетекчи болуп бекитилген. Кыргызстандагы компьютердик технологиянын түп-башаты болгон бул тармакта окумуштуу 26 жыл эмгектенип, документтерди автоматтык системага киргизүү, маалыматтык-электрондук база түзүү, программа иштеп чыгуу жаатында алгылыктуу иштерди жасаган.

350дөн ашуун ар кыл эмгектин автору. 11 монографиясы, 10 окуу китеби жана колдонмо окуу куралы жарык көргөн. Аманбек Жайнаковдун илимий ачылыштары Германия, Италия, Япония, Югославия, Англия, Корея, Орусия, Казакстан сыяктуу мамлекеттерде колдонулуп келет.

Динара Салиева

Узакка созулган оорудан улам 11-июнда Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Динара Салиева дүйнө салды.

Динара Салиева 1948-жылы 19-ноябрда Фрунзеде туулган. Ал Москва консерваториясында профессор-пианист Генриетта Мирвистин жана профессор Леонид Ройзмандын орган классын бүтүргөн. Ал Кыргызстанданы биринчи органист жана ошол кездеги Борбордук Азиядагы жалгыз аял органист. Кыргыз филармониясынын, «Союзконцерттин» солисти катары 2,5 миңден ашык жеке концертин берген. Ал дүйнөдөгү эң мыкты органисттер кире алган Рига Купол соборунда чыгармаларды аткарган.

Легендарлуу Бах соборунда — Санкт-Михаэлискирхеде Кирхенмюзик курсун бүтүргөн, ал жерде Иоганн Себастьян Бах хордо ырдап, концерт берген.

Динара Салиева философ-педагог, жазуучу, публицист, искусство таануучу жана коомдук ишмер, академик Азиз Салиевдин үй-бүлөсүндө төрөлгөн.

2015-жылы Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын камералык хору менен бирдикте Калый Молдобасановдун «Эне талаасы» ораториясын органдык аткаруу үчүн жеке өзү транскрипциялап, элге тартуулаган.

Жамалбек Түлөбердиев

Бишкекте Кыргыз ССРнин эмгеги сиңген энергетиги жана СССРдин Ардактуу энергетиги Жамалбек Түлөбердиев ушул жылдын август айында көз жумду. Ал Москва суу чарба инженерлеринин институтун аяктагандан кийин 1956-жылы эмгек жолун баштап, Аламүдүн ГЭСтеринин кыркасынын гидротехникалык цехинин улук устаттык кызматынан Мамлекеттик акционердик холдинг энергетикалык компаниясынын (Кыргызгосэнергохолдинг) президентинин жолун басып өттү.

Жамалбек Тулебердиевдин кол алдында Кыргызстандын энергетикалык тармагынын пайдубалы түптөлүп, ири ГЭСтер, жылуулук борборлору, аба электр чубалгылары, көмөк чордондор, жылуулук тармактары курулган.

Токтогул жана Күрп-Сай ГЭСтери долбоордук кубаттуулуктарына жеткирилген, Бишкек шаарынын ЖЭБинде жаңы кубаттуулуктар киргизилген, Таш-Көмүр жана Шамалды-Сай ГЭСтеринин курулушу жана Камбара-Ата ГЭСтеринин курулушу боюнча даярдык жумуштар башталган.

Нарын дарыясынын суу ресурстарынын гидроэнергетикалык пайдалануусунун долбоорун иштеп чыгууга жана ишке ашырууга, Токтогул ГЭСтеринин кыркасынын курулушуна зор салымын кошкон.

Жамалбек Түлөбердиевдин түздөн-түз катышуусу менен Орто Азия менен Казакстандын биргелешкен энергетикалык тутуму түзүлгөн.

Кимсанбай ажы Абдурахманов

Кыргызстандын тунгуч муфтийи Кимсанбай ажы Абдурахманов быйыл ноябрь айында 82 жашында дүйнө салды.

Кимсанбай Абдурахманов 1940-жылы Өзбекстандын Фергана облусундагы Жанабад айылында кыргыз үй-бүлөдө туулган. Мектепти аяктагандан кийин 1959-жылы Өзбекстандын Бухара шаарындагы Мир-и Араб Ислам медресесине кирген. 1976-1980-жылдары Иорданиядагы Үрдүн мамлекеттик университетинин Шарият факультетин аяктаган. 1990-1992- жылдары Кыргызстан мусулмандарынын казыятынын төрагасы болуп иштеген. 1992- жылы август айында Кыргызстан мусулмандарынын биринчи курултайы чакырылып, диний башкарма түзүлүп, алгачкы муфтий болуп Кимсанбай Абдурахманов дайындалган.

Азирети Муфтий Кимсанбай ажынын аракеттери менен 1990-жылга чейинки Кыргызстандагы 36 мечиттин саны үч миңден ашты. 1996-жылдын декабрында Кимсанбай ажы Кыргызстандын Муфтийи кызматынан алгачкы жолу бошоду.

Ал эми 2000-жылдан 2002-жылдын сентябрына чейин Кимсанбай ажы экинчи жолу Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети муфтийи болуп кызмат кылды. 2002-2007-жылдары Кимсанбай ажы Бишкек шаарындагы Махмуд Кашкарий мечитинде имам-хатиб болуп иштеди. 2008-жылдын апрелинен баштап Бишкек шаарындагы жаңы курулган «Мусакан төрө» мечитинде имам-хатиб (башкы имам) болуп үзүрлүү кызмат кылды. Муну менен катар тажрыйбалуу инсан, кызматкер катары Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү болуп бир топ жыл үзүрлүү эмгектенип келди.

Бекжан Темирхан

Быйыл 10-ноябрда эстрада ырчысы Бекжан Темирхан жол кырсыгынан каза болду. Жаңы чыгып келе жаткан ырчы көпчүлүккө «Эзилип бүттүм», «Кантем», «Карындаш» аттуу ырлары менен белгилүү болгон.

Бекжан Темирхан Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун Кызыл-Жар айылында туулган. Ал 27 жашта болчу.

Мамашарип Чотонов

Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор, маданияттын, билим берүүнүн жана экономиканын отличниги Чотонов Мамашарип Мамытович 2022-жылдын 8-декабрында 54 жаш курагында катуу оорудан улам дүйнөдөн өттү.

Чотонов Мамашарип Мамытович 1968-жылдын 9-апрелинде Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кызыл-Жар айылында туулган. 1986-1988-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.

Чотонов Мамашарип Мамытович 1992-жылы Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун маданий-агартуу иштери факультетин «маданий-агартуу иштерин уюштуруучу-методист» адистигинде, 2000-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин (учурда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети) «финансы жана кредит тармагы боюнча дипломдуу адис-экономист» адистигинде, 2012-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Дипломатиялык академияны «эл аралык мамилелер» адистигинде аяктаган. Ал  Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун 2014-жылдан бери башкарып келген.

Азиз Мурадилаев

17-декабрда белгилүү актер Азиз Мурадиллаев 44 жаш курагында оорудан улам көз жумду.

Ал 1978-жылы Фрунзе шаарында туулган. Мектепти аяктагандан кийин Кыргыз улуттук драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайга тапшырган. Кийин 1997-жылы Москвадагы Щепкин атындагы жогорку театралдык окуу жайга тапшырып, аны 2001-жылы аяктаган.

Ошол эле жылы Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрына кызматка алынып, ошол күндөн тарта үзгүлтүксүз эмгектенип келген. Кино актер катар да таанымал болуп, бир катары кыргыз кинолорунда роль жараткан. «Курманжан Датка» тарыхий фильминде Алымбек датканын ролун аткарган.

Ал эми 2022-жылдын 16-17-сентябрында Баткен облусуна Тажикстан кол салып, анда жалпы 63 мекендешибиз курман болду. Алардын тизмеси менен кененирээк бул шилтемеден тааныша аласыздар:

Мекен үчүн шейит кеткен баатырлар… (тизме толукталууда)

 

 

 

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM