Биз менен байланышыңыз

Мультфильмдерде үн коштогон Айнаш Ашировага эми мамлекеттик наам берилди

Кыска кабар | 29 Дек 2022 | 1691 | 0

Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын «Котормо» студиясынын үн режиссеру Айнаш Ашировага «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» наамы ыйгарылды.

30 жылдан ашуун убакыттан бери балдар үчүн талантын тартуулап, тасмаларда жана мультфильмдерде үн коштогон режиссер Айнаш Аширова көптөн күткөн сыйлыгын алгандагы кубанычы тууралуу «Марал» радиосуна айтып берди:

«Мен үчүн кубанычтуу күн болуп жатат, абдан сүйүнүп турам. Буга чейин телефон чалышып, сыйлык аларымды айтышканда көп ишене албай, эч кимге деле айткан эмесмин. Анан телеканалдын башкы директору Кайрат Иманалиев сыйлык алганымды айтып чалганда, сүйүнгөнүмдөн кыйкырып жибердим. Бирок наам колума тиймейинче тапткыр ишенич болгон жок (күлүп). Жалпы элге, «Марал» радиосуна чоң ыраазычылыгымды билдирем, бар болуңуздар» , — деди ал.

Айнаш Аширова: 1500дөй мультфильмди кыргызча «сүйлөттүм»

Үн коштоочу Айнаш Аширова «Марал» радиосуна берген маегинде 30 жыл бою балдар менен иштеп келгенин, эмгеги элге сиңбей жатса керек деп кыжалат болгонун айтканы бар. Бирок күйөрмандарынын анын талантын сыйлап, урматтаганы өзү чоң наам экенин билдирген.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-декабрда ар кыл тармактын өкүлдөрүнө өзгөчө эмгеги үчүн мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Маданият: Наам берилбеген эл сыймыктары

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM