Биз менен байланышыңыз

30-декабрда көпчүлүк аймакта кар жаайт

Кыска кабар | 29 Дек 2022 | 509 | 0

Кыргызстанда 30-декабрда түнкүсүн жана эртең менен Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт.

Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт, Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө, Ош, Баткен, Талас облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Жолдор тайгалак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…+5;

Талас облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…+5;

Жалал-Абад, Баткен, Ош ​облустарында түнкүсүн -4…+1, күндүз +5…+10;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +1…+6;

Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -5…-10;

Бишкек шаарында түнкүсүн жана эртең менен кар жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4, күндүз +3…+5 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM