Биз менен байланышыңыз

Депутат: Баткенде эки айда эки гана үй бүткөрүлдү

Кыска кабар | 27 Дек 2022 | 242 | 0

Баткен облусунда сентябрда болгон каргашалуу окуяда талкаланган үйлөрдү калыбына келтирүү иштери солгун жүрүп жатканын Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында айтты.

«Эки айда араң эки үй бүттү, дагы 420 үй 420 айда бүтөбү?» — деп сураган депутат Баткен боюнча жалган отчеттер берилип, көз боемочулук, коррупция болуп жатканын ачыктады. Ал тийиштүү маалыматтарды топтоп жатканын маалымдады.

Облус боюнча кадр саясатын кайра кароону талап кылды. Анын маалыматы боюнча бул облуста курулуш боюнча тендерди да, кадрды да бир киши чечет.

«Мага бул боюнча элден так маалымат келип жатат. Жалпы жыйынга чыгаруу үчүн материалдарды топтоп жатам. Баарынын аттарын атайбыз» ,- деди депутат Талиева.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин жетекчиси Нуртазин Жетибаевдин айтымында, Баткенде 420 үй жабыркаганы аныкталган, 416сы боюнча курулуш иштери жүрүүдө. Курулушту «Аманат Курулуш Инвест» ЖЧКсы жүргүзүүдө. Бүгүнкү күндө Каржы министрлиги 3 транш менен 1 млрд 400 млн сом бөлгөн.

Жогорку Кеңештин тармактык комитети 2022-жылы Баткен облусунда болгон окуялардын кесепетинен жабыр тарткан айрым калктуу конуштарды калыбына келтирүү боюнча аткарылып жаткан иш-чаралар тууралуу маселени карады.

Жапаров: Баткенде 150 үй 20-декабрга чейин курулуп бүтөт

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM