Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Баткенде 150 үй 20-декабрга чейин курулуп бүтөт

Кыска кабар | 8 Дек 2022 | 291 | 0

Баткен облусунун чек ара аймактарына Тажикстандын агрессиясынан талкаланган 420 үйдүн курулушу декабрда курулуп бүтүп, тапшырылат деген убада бериилген.

Акылбек Жапаровдун айтымында, Баткенди калыбына келтирүүгө 3 млрд сом каралган болсо, учурда анын 1 млрд сому бөлүнүп берилген. Ал эми 150 үй 20-декабрга чейин курулуп бүтүп, ээлерине тапшырылат.

«Баткен облусунун чек ара аймактарында жабыркаган үйлөрдү «Аманат» курулуш компаниясы куруп жатат. Ал 31 субподрядчы компаниянын алган. 20-декабрга чейин 150 үйдүн курулушу бүтүп,  жашоочулар көчүп кирет. Калгандарын улам бүткөн сайын элдер кире берет.  Курулушуна 1 млрд сом бөлүнүп берилген, керек болсо дагы бөлөбүз», — деди Жапаров.

Курулуштун жүрүшүн Архитектура, курулуш жана турак жай мамлекеттик агенттиги көзөмөлдөп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM