Баткен облусунун чек ара аймактарына Тажикстандын агрессиясынан талкаланган 420 үйдүн курулушу декабрда курулуп бүтүп, тапшырылат деген убада бериилген.
Акылбек Жапаровдун айтымында, Баткенди калыбына келтирүүгө 3 млрд сом каралган болсо, учурда анын 1 млрд сому бөлүнүп берилген. Ал эми 150 үй 20-декабрга чейин курулуп бүтүп, ээлерине тапшырылат.
«Баткен облусунун чек ара аймактарында жабыркаган үйлөрдү «Аманат» курулуш компаниясы куруп жатат. Ал 31 субподрядчы компаниянын алган. 20-декабрга чейин 150 үйдүн курулушу бүтүп, жашоочулар көчүп кирет. Калгандарын улам бүткөн сайын элдер кире берет. Курулушуна 1 млрд сом бөлүнүп берилген, керек болсо дагы бөлөбүз», — деди Жапаров.
Курулуштун жүрүшүн Архитектура, курулуш жана турак жай мамлекеттик агенттиги көзөмөлдөп жатат.