Биз менен байланышыңыз

Министрлик ундун баасын жөнгө салуу үчүн токтом долбоорун сунуштоодо

Кыска кабар | 27 Дек 2022 | 449 | 0

Айыл чарба министрлиги унду жана данды импорттоочулар үчүн кошумча нарк салыгынын (КНС) нөлдүк ставкасын узартуу жөнүндө сунушту мамлекеттик органдары менен макулдашууда.  Эгер маселе макулдашылса, ун менен нандын баасы кескин көтөрүлбөйт. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында, 2021-жылдын 1-августунан тартып 2022-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде кошумча нарк салыгынын ставкасы нөл (0%) өлчөмүндө түздөн-түз импорттоочу тарабынан ата мекендик дандан импорттоодо каралган.

2022-жылдын 31-декабрына чейин кошумча нарк салыгынын мөөнөтү бүтүп бараткандыгына байланыштуу Айыл чарба министрлиги тарабынан айрым айыл чарба продукцияларына кошумча нарк салыгын ноль 0%га түшүрүү боюнча токтом долбоору иштелип чыгып, тиешелүү министрликтерге макулдашууга жөнөтүлдү.

Буга чейин ун ишканаларынын ассоциациялары 1-январдан тарта социалдык маанилүү товарларга, анын ичинде ун жана нанга болгон баанын кескин өсүшү күтүлүүдө деп билдирген.

Бүгүнкү күндө өздүк өндурүлүштүн эсебинен дан жана дан азыктары менен өздүк өндүрүлүштүн 71,8 пайыз камсыздалды.

Бир кап унга 300 сомдой кошулат. Ун жана нандын баасы кымбатташы мүмкүн

Copyright © 2017 Maral FM