2023-жылдын 1-январынан тартып ун 15%га, нан 20%га кымбатташы мүмкүн. Бул тууралуу маалымат жыйында Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясы кабарлады. Баанын кымбатташын данды ташып келүүгө жана кайра иштетүүгө берилген жеңилдиктердин мөөнөтү аяктап жатканы менен байланыштуу. Ассоциация министрлер кабинетине тиешелүү токтомдун мөөнөтүн узартууну сунуш кылууда. Анткени бүгүнкү күндө өлкөдө ундун запасы жетишсиз. Мындан сырткары ун комбинаттарынын жетекчилери данды сырттан ташып келүүдө кандай тоскоолдуктар жаралып жатканын айтып беришти.
Жаңы жылдан баштап өлкөдө ундун жана нандын баасы кымбатташы мүмкүн. Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын президенти Рустам Жунушов баанын кымбатташын данды ташып келүүгө жана кайра иштетүүгө берилген жеңилдиктердин мөөнөтү аяктап жатканы менен байланыштуу деп түшүндүрдү.
Анын айтымында, тиешелүү токтомдун мөөнөтү узартылса, башкача айтканда кошумча нарк салыгы алынса, баа көтөрүлбөйт.
«2021-жылдын сентябрь айынан баштап министрлер кабинети тарабынан буудайды сырттан ташуу боюнча жеңилдиктер берилген. Башкача айтканда, кошумча нарк салыгы нөлгө барабар болгон. Ошондой эле жергиликтүү буудайды дагы кайра иштетип, сатканда 12 пайыз алынган. Анын жыйынтыгы менен жакшы натыйжага жеттик. Алсак, 2020-жылы пандемияда чек аралар жабылып, азык-түлүк кризиси болуп, таңкыстык жаралган. 2021-жылы жеңилдик киргизилгенден бери 22 тегирменди кайра иштетип, үч жаңы тегиримен ачканга үлгүрдүк. Мындан сырткары, 2 миң 800 киши жумуш менен камсыз болду. Салык дагы көбөйдү. 2021-жылы 210 млн сом (кошумча нарк салыгын кошпогондо), 2022-жылы 247 млн сом деп пландалууда, 2023-жылы 270-300 млн сом деп күтүүдөбүз».
Ассоциациянын маалыматына караганда, 2023-жылдын 1-январынан баштап буудайдын баасы 12 пайыз, мындан улам ундун баасы 14-15 пайыз, нан 18-20 пайызга кымбатташы ыктымал. Бир гана ун эмес, өсүмдүк майы жана кумшекердин дагы баасы өсүшү мүмкүн.
Ассоциация кеңешинин мүчөсү Экмат Байпакпаев өлкөдө буга чейин өзгөчө кырдаал режими болгондуктан өзгөртүүлөрдү министрлер кабинети киргизип келгенин айтат.
Ошондой эле ал дандын жана ундун импортуна кошумча нарк салыгынын нөлдүк ставкасын узартуу ундун кымбатташын алдын аларын билдирди.
«Учурда ал режим алынгандан кийин министрлер кабинети мындай укуктан ажырап калды. Бирок бул норманы жаңы Салык кодексине киргизди. 31-декабрга чейин жаңы кодексти Жогорку Кеңештин депутаттары кабыл алса, азык-түлүктүн баасы туруктуу болот. Үстүбүздөгү жылдын 31-декабрында кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотуу мөөнөтү аяктайт. Жаңы жылга чейин өлкөнүн жаңы Салык кодексин кабыл алууга үлгүрбөй калабы деген кооптонуу бар, анда министрлер кабинети социалдык мааниге ээ товарлар жетишсиз болгон учурда, чек аралар жабылганда жана башка учурларда салыктын ставкаларын өзгөртө алат деген норма каралган».
Мындан сырткары ун комбинаттарынын жетекчилери сырттан ташып келүүдө кандай тоскоолдуктарга кабылганы тууралуу айтып берди.
Ишкер Чыңгыз Дегенбаевдын айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстан унга кайра иштетүү үчүн данды Орусиядан сатып алууда. Ал эми Казакстан ЕАЭБке мүчө мамлекет болсо да, ал жактан ташып келүү бир топ кыйынчылыктарды жаратууда. Коңшу өлкөлөрдөн келген дан жана ун 15-20 күн кечигип келүүдө.
Ишкана орусиялык өнөктөштөр менен ай сайын 50-60 миң тоннага импорттук келишим түзөт.
«Акыркы келишимдер сентябрь-октябрь айларында түзүлүп, ноябрь-декабрь айларында жеткирүүлөр келиши керек болчу. Бирок Казакстандын конвенциясына тыюу салуу менен биздин унаалар 30-40 күндүн ичинде келе баштады. Маалымат үчүн айта кетсек, Орусиядан келген вагондор бизге көбүнчө 10-15 күндүн ичинде келет. Ошентип, кечиктирилгендиктен негизги агым январь-февраль айларында келет. Ал эми ун комбинаттарында бир айга жакын запастар бар. Бүткүл күтүлгөн көлөмгө кошумча нарк салыгы салынат, бул акыр аягында ундун кымбатташына алып келет. Буга байланыштуу ун чыгаруучу ишканалар ассоциациясы министрлер кабинетине импорттук унга жана данга кошумча нарк салыгынын нөлдүк ставкасын жаңы Салык кодекси кабыл алынганга чейин узартууну демилгелөө сунушу менен чыкты».
Кыргызстанда жылына болжол менен 500 миң тонна ун керектелет. Анын ичинен 50 пайызы ата мекендик тегирменчилер тарабынан өндүрүлсө, калган 50 пайызы сырттан ташылат.
2020-жылга чейин өлкөдө 8 ун чыгаруучу ишкана болсо, алар жылына 150 млн сом салык төлөшкөн. Азыр өлкөдө 31 ишкана КНС жок жылына 270 млн сом төлөйт. Учурда ун комбинаттары 2 миң 800 кишини жумуш менен камсыз кылууда.
1-январынан тарта ундун баасы болжолдуу түрдө 2400 сом болсо, 2800 сомго чейин көтөрүлөт. Ал эми нандын баасы 25 сом болсо 30 сомго чейин кымбатташы мүмкүн.
Жогоруда айтылгандарга байланыштуу Кыргызстандын ун комбинаттары ассоциациясы министрлер кабинетинен тиешелүү чараларды көрүүнү суранат.