Биз менен байланышыңыз

Атактуу футболчу Пеленин абалы оор. Жакындары менен коштошууда

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 27 Дек 2022 | 1483 | 0

Атактуу футболчу, дүйнөнүн үч жолку чемпиону, 82 жаштагы Пеле оор абалда. Анын үй-бүлөсү менен коштошуп жаткан видеолор тарады.

Өткөн аптада Пеленин абалы начарлап кеткени белгилүү болгон. Ал рак менен жабыркап, бөйрөк менен жүрөктүн иштешинин начарлашынан улам реанимацияда жатканы кабарланган.

Буга чейин ЖМКлар Пеленин денеси химиотерапияны сезбей калганын, ал паллиативдик жардам алып жатканын жазышкан.

Футболчу 8-декабрда ооруканага жаткырылып, ичеги боору жана өпкөсүндө шишик бар экени айтылган.

Дүйнөлүк маалымат каражаттары Пеле менен коштошуу үчүн даярдык иштери башталганын, атайын алтын табыт даярдалганын жазышкан.

Пеле дүйнөнүн үч жолку чемпиону катары тарыхта жалгыз футболчу (1958, 1962, 1970). Бразилия курамасында 92 беттеш өткөрүп, 77 гол киргизген.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM