Биз менен байланышыңыз

Төрөбаев Кыргызстанда буудайдын кору жетиштүү экенин айтты

Кыска кабар | 27 Дек 2022 | 273 | 0

Кыргызстанда азык-түлүктөрдүн кору жетиштүү экенин министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди. Мамлекеттик материалдык резервдер фондунда буудайдын, ундун, өсүмдүк майынын жана кумшекердин кору бар экени айтылды.

Төрөбаев билдиргендей, коопсуздукту эске алуу менен азык-түлүккө болгон кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотуу маселеси каралууда.

Ошондой эле, эгер ун чыгаруучу комбинаттарында буудайдын кору түгөнө турган болсо, Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампаларында буудайдын кору жетиштүү экенин кошумчалады.

«Өсүмдүк майы боюнча да маселе жаралбайт, матрезервде майдын кору жетиштүү. Бул боюнча май чыгаруучу заводдор менен да сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн жана аларда күн караманын кору бар. Кумшекер боюнча орчундуу маселе жаралбайт. Быйылкы жылга карата «Кошой» жана “Кайыңды кант” заводдору менен биргеликте 62 миң тонна кумшекер өндүрүлдү», — деди Төрөбаев.

Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясы 2023-жылдын 1-январынан тарта ун 15%га, нан 20%га кымбатташы мүмкүн экенин билдирген. Баанын кымбатташын данды ташып келүүгө жана кайра иштетүүгө берилген жеңилдиктердин мөөнөтү аяктап жатканы менен байланыштуу. Ассоциация министрлер кабинетине тиешелүү токтомдун мөөнөтүн узартууну сунуш кылууда. Анткени бүгүнкү күндө өлкөдө ундун запасы жетишсиз деп айтылган.

Бир кап унга 300 сомдой кошулат. Ун жана нандын баасы кымбатташы мүмкүн

Copyright © 2017 Maral FM