Биз менен байланышыңыз

Мал уурдагандарды 10 жылга эркинен ажыратуу сунушталууда

Кыска кабар | 27 Дек 2022 | 294 | 0

Жогорку Кеңештин «Ата журт — Кыргызстан» фракциясынын депутаты Мейкинбек Абдалиев мал уурулук үчүн жазаны катаалдаштырууну демилгеледи. Ал сунуш кылган Кылмыш-жаза кодексине жана Мыйзам бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөр коомдук талкууга чыгарылды.

Депутат Кылмыш-жаза кодексинин 2017-2021-жылдагы редакцияларында «Мал уурдоо» беренеси жок экенин белгилеп, муну оңдоо керектигин айтууда.

Сунушталган мыйзам долбоорунда мал уурулукка баргандарга 50 миң сомдон 100 миң сомго чейин айып салуу же эки айлык мөөнөткө түзөтүү иштерин жүргүзүү каралган.

Мындан тышкары, мал уурулук ири өлчөмдө жасалса, адамдардын тобу тарабынан же башка бирөөнүн аймагына кирүү менен алдын ала макулдашуу боюнча жасалса, 400 миң сомго чейин айып салуу сунушталууда.

Эгер бул ишке уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катышса, анда мүлкүн конфискациялоо менен 6 жылдан 10 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу каралды.

Аз өлчөмдө зыян келтиргендерге 200 миң сом өлчөмүндө айып салуу каралган.

Депутатка айыл тургундары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү Кылмыш-жаза кодексинде «Мал уурдоо» беренесинин жоктугу ууруларды мал уурулукка барууга түртүп жатканын айтышкан. Уурдалган малды башка райондорго, облустарга, жада калса коңшу мамлекеттерге айдап кеткен учурлар бар экени жүйө келтирилди.

Айылда мал уурулук көбөйдү. Жаза күчөтүлөбү?

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM