Биз менен байланышыңыз

«Азаттыктын» сайтын бөгөттөө мөөнөтү узартылганы кабарланды

Кыска кабар | 26 Дек 2022 | 350 | 0

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги «Азаттык Медиа» сайтынын ишин бөгөттөгөн чечимин күчүндө калтырды. 26-октябрда аталган ЖМКнын сайтынын иши эки айга токтотулган.

Министрликтин Маалыматтык саясат башкармалыгынын башчысы Салкын Сарногоеванын айтуусуна караганда, «Азаттыктын» сайтынан буга чейин көрсөтүлгөн материал өчүрүлмөйүнчө, иштебейт.

26-октябрда Маданият министрлиги «Азаттыктан» быйыл сентябрдагы Баткен окуясы тууралуу «Кыргызстан тараптын Тажикстанга кол салуусу» деген тариздеги маалыматты өчүрүү талабын койгон.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай билдирүү жасап, жогоруда аталган материалда журналистиканын эл аралык стандарттары сакталганын белгилеген.

Юристтер: «Азаттык» боюнча министрликтин аракети мыйзамсыз

Буга чейин «Азаттык Медиасы» маданият министрлигине кат жөнөтүп, сайтты бөгөттөө чечимин токтото турууну өтүнгөн. Катта мындай чечим негизсиз экени, Баш мыйзамга каршы келери белгиленген. Бирок бул чечим канааттандырылган эмес.

«Азаттык Медиасынын» «Демирбанктагы» эсебине бөгөт коюлган. Жогорку Кеңештин Жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредиттөө комиссиясы «Азаттык Медиа» мекемесинин кызматкерлерине берилген аккредитациялык ырастамаларды 17-ноябрдан тартып чакыртып алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM