Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги «Азаттык Медиа» сайтынын ишин эки айга токтотуу чечимин 26-октябрда чыгарды.
Мындай чара ушул жылдын 14-17-сентябрындагы кыргыз-тажик чек арасындагы окуялар тууралуу Кыргызстан тараптын Тажикстанга кол салуусу деген тариздеги такталбаган маалымат, кастык маанайда колдонулган сөздөр, Баткен облусундагы окуяларды чагылдырууда коомдогу кырдаалды курчутуп, жарандардын ортосунда дискриминацияны жана бөлүнүүнү пайда кылган маалыматтар аныкталганы үчүн көрүлгөнү кабарланган.
Бул чечим коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Медиа эксперттер “Азаттыктын” сайтын эки айга жабуу чечимин артка кайтарууну талап кылышууда. Ал эми юристтер министрликтин бул кадамын мыйзамсыз деп аташты.
Маданият министрлиги 17-сентябрда “Азаттык Медиа” мекемесине ЖМКлар боюнча колдонуудагы мыйзамдардын нормаларын так сактоо жана интернет мейкиндигинде такталбаган (жалган) маалыматтардан коргоо боюнча кайрылуу жөнөткөн.
Бирок бул кайрылууга “Азаттык Медиа” жооп кайтарбай, тиешелүү чаралар көрүлгөн эместигин аталган министрликтин маалымат жана массалык коммуникация департаментинин башчысы Салкын Сарногоева билдирди.
Андан кийин министрлик 24-октябрда көрсөтүлгөн материалды өчүрүп салуу тууралуу катын “Азаттык Медиа” мекемесине жөнөткөн.
Министрликтин катына жооп катары “Азаттык Медиа” мекемесинен сайт тиешелүү чараларды көрүп, аталган материалды өз платформасынан алып салуу боюнча техникалык иштерди жүргүзүп жатканы тууралуу жооп келген. Бирок, кечээки күнгө чейин бул видео өчүрүлө элек болчу.
Сарногоева эмненин негизинде бул чечим кабыл алынганын мындай түшүндүрдү.
“Министрлик “Так эмес (жалган) маалыматтардан коргоо жөнүндө” быйыл апрель айында кабыл алынган мыйзамдын негизинде чечим чыгарган. Аталган мыйзамды аткаруу үчүн атайын тартип кабыл алынган. Ошол себептен бардык нерсе мыйзым чегинде болду”.
“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай бул боюнча билдирүү жасап, жогоруда аталган материалда журналистиканын эл аралык стандарттары сакталганын белгилеген.
“Эркин Европа/Азаттык” радиосу окуяларды тең салмактап чагылдыруу принцибине олуттуу мамиле кылат. Биз суроо жараткан материалды кайра карап чыгып, стандарттарыбыз бузулган жок деген жыйынтыкка келдик. Кремль же кыргыз өкмөтү болобу, тең салмакталган материалды сайттарыбыздан алып салуу талабына моюн сунбайбыз. Журналисттерди коркутуу жана эркин медианын үнүн басуу аракети Кыргызстандагы демократияга көлөкө түшүргөн авторитардык ыкма”.
«Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзам быйыл апрель айында кабыл алынган. Аталган мыйзам коомчулукта талаш-тартыш жаратып, ага каршы бир нече жолу митингдер уюштурулган.
“Журналисттер” коомдук биримесинин төрагасы Нурдин Дүйшөнбеков эгер туура эмес маалымат чыгарылса, анда ошол гана маалымат жөнүндө сөз болуп, жалпы медианы жабуу чечимин туура эмес деп эсептейт.
Ал “Азаттык Медианын” ишин убактылуу токтотуу чечими башка медиалар үчүн коңгуроо экенин билдирди.
Бийлик башындагылар жогоруда айтылган мыйзам менен бир гана “Азаттык Медиа” сайтын жаап токтоп калбастан, аларга жакпаган башка медиалар да жабылуу коркунучунда турарын эскертти.
“Алар “Азаттык Медиа” менен токтошпойт. Эртең башка ЖМКлар жабылат. Анан жалаң эле чиновниктердин позицияларын чагылдырган мамлекеттик каналдар эле калып калат. Же болбосо аткаминерлердин эскебинен каржыланган медиалар эле калат. Ошондо элдин көйгөйү, аймактарда болуп жаткан маселелер жөнүндө маалыматтар чыкпай калат.”
“Медиа полиси институту” уюмунун юристи, медиаэксперт Акмат Алагушев министрликтин бул чечимин мыйзамсыз деп эсептейт.
Мындай кадамдар өлкөнүн сөз эркиндигине олуттуу доо келтирип, басым-кысым көрсөтүп жатканын белгиси катары сыпаттады. Бийлик өкүлдөрү чындыкты уккусу келбей, элди да чындыктан четтетип жатканын кошумчалады.
“Бир адамдан же юридикалык жактан эч кандай арыз түшпөптүр. Министрлик кастык тилде колдонгон маалыматтар болгондугун айтып жатат, бирок мыйзамда так жазылган: “Түшкөн арыз жарандын ар намысына, кадыр баркына же ишкердик беделине шек келтирсе”, — деп. Демек, адамга же болбосо юридикалык жакка түздөн тиешеси болуш керек. Маалыматтар боюнча эч нерсе көрсөтүлгөн эмес. Ошондуктан бул чечим – мыйзамсыз жана сөз эркиндигине кысым болуп жатат”.
Юрист Нурбек Сыдыков аталган мыйзам өлкөнүн Конституциясына карама каршы келерин баса белгиледи. Анын негизги максаты, фейк аккаунттар жана жалган маалыматтарды чыгара турган баракчалар менен күрөшүү болору айтылган. Бирок мыйзам кабыл алынгандан кийин бир да фейк аккаунт жабылган жок жана социалдык тармактарга иштебей жатканын айтты.
«Мыйзамдын иштебей жатканын көрдүк. Себеби бир да фейк аккаунт жабылган жок жана соцтармактарда чара көрүлбөй эле жатат. Тилекке каршы биз мурун айткандай эле бул мыйзам масс медиаларга, веб-сайттарга гана каршы иштеп провайдерлер аркылуу сайттардын иши токтотулат. Ошол учурда биз болжолдоп жаткан нерселер азыркы тапта ишке ашып, жакында “Республика” сайты жабылды, андан кийин 24.kg сайтты жабуу аракеттери болду».
Социалдык тармактын колдонуучулары “Азаттык Медиа” сайтынын эки айга жабылышы тууралуу өз пикирлерин жазып жатышат. Алардын көбү “Азаттыктын” ишине чектөө чечимин сынга алышууда.
Медиакоомчулук кыргыз бийлигин сөз эркиндигин, маалымат каражаттарын кысууну, журналисттерди, блогерлерди, жарандык активисттерди жана башка жарандарды ой-пикирин ачык билдиргени үчүн куугунтуктоону токтотууну талап кылышты.