Биз менен байланышыңыз

Килиан Мбаппе дүйнөнүн эң кымбат футболчусу болду

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 26 Дек 2022 | 1859 | 0

Париждин «ПСЖ» футбол клубунун жана Франция курама командасынын чабуулчусу Килиан Мбаппе дүйнөнүн эң кымбат оюнчусу деп табылды.

2022-жылы Катарда өткөн дүйнөлүк чемпионаттан кийин футболчулардын жаңыланган трансфер баасын Transfermarkt порталы жарыялады. Анын жыйынтыгында эн кымбат оюнчу Мбаппе болду.

Маалыматка караганда, дүйнөлүк чемпионаттан кийин анын баасы дароо 20 миллион еврого жогорулаган, тактап айтканда 160 миллиондон 180ге көтөрүлгөн.

Мындай жыйынтык менен француз оюнчусу «Манчестер Ситинин» жана Норвегиянын чабуулчусу Эрлинг Холандды биринчи орундан экинчи орунга түшүрдү.

Белгилей кетсек,  24 жашка толгон Мбаппе 2022-жылы дүйнө чемпионатынын финалында Аргентина курама командасына  пенальтиден утулуп калган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM