Биз менен байланышыңыз

Оңдоо иштери эмес, бүтөө иштери да жүрбөй калган Беш – Терек айылынын жолу

Коом | 23 Дек 2022 | 453 | 0

Бишкек шаарынан болжол менен 100 км  алыс аралыкта жайгашкан, Чүй облусунун Москва районуна караштуу Беш-Терек айылынын тургундары жолдун жасалбай жаткандыгына нааразы болушууда. Айыл тургуну Курсанбай Термечиковдун айтымында, жыл сайын оңдоо – түзөө иштери жүрөт деп убада берилип, бирок акыркы үч жылда жолдо  жамоо иштери дагы жүргүзүлбөй калган. Ошондой эле, агын суунун үстүндөгү  бурулушта унаалар байкабай түшүп кетип далай жол кырсыктары катталууда.

 “Биздин айыл Москва районуна караганы менен, жолубуз Жайыл районуна карайт. Аң — чөнөктөр терең болуп кеткенине байланыштуу бул жолдор жамоо иштерине дагы жарабай калды. Ар бир метр сайын аң-чөнөктөр болуп, биздин айылдын эң көйгөйлүү маселеси болууда. Беш – Терек айылына жүк жеткиребиз десек эле баардыгы качышат жолдун начардыгынан. Унаа тетиктерин бат -баттан эле алмаштырып турабыз”.

Баткен облусунун тургуну Абдыкадыр Ормоновдун уулу Беш –Терек айылында турат. Жолдун начардыгынан баласынын үйүнө көп келбей калган учурлары болот. Кызынын айтымында аталган айылга келип кетткенден кийин дайыма унаасын оңдоого туура келет.

 Бул жолдон унаа менен эмес, жөө жүргөн дагы болбой калды. Балам жашайт бул айылда акыркы беш жыл ичинде такыр эле оңдолгон жок. Мурдагыдан дагы бузулуп, ушул жолго көңүл буруп, жасап коюшса болот эле”.

Чүй облусунун Москва районундагы Беш-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Алмазбек Дубанаевдин айтымында, Москва районуна 12 айыл аймагы карайт. Ал жактын жолдору бүтүп, оңдолуп келгиче кыш келип жолдун акыбалы бузулгандан бузулуп жатат.

“Полтавка  жана Беш-Терек жолу жалпы 24 км анын  4 км 200 м асфальт такыр эле жок. Жетим айылдай болуп калып атабыз. Өзүбүз башка, жолубузбашка айылга карап. Шаарга жакын эле турабыз, бирок жол кире кымбат болуп, жашоочуларга кыйынчылык жаратып жатат”.

Ал эми райондун жол башкармалыгы жолдун абалы менен жакында келип таанышып кеткен. Анда аталган жолду 2023-жылы оңдой турганын убадалашкан.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM