Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда үч тилде билим берүүнү киргизүү сунушталды

Кыска кабар | 22 Дек 2022 | 1859 | 0

Кыргызстанда үч тилдүү билим берүү системасын киргизүүнү Жогорку Кеңештин депутаты Миргүл Темирбаева парламенттин 22-декабрдагы жыйынында сунуштады.

Ал кыргыз, орус жана англис тилинде окутууну замандын талабы деп эсептейт.

«Кыргыз тили — илимдин жана бизнестин тили болгондо өнүгөт»

«Англис тили — илим-билим, технологиянын тили. Бирок реформа үчүн каражат талап кылынат. Бирок биз азыр баштай берсек эл аралык коомчулук да кол кабыш кылат. Ага өтүү үчүн көп убакыт талап кылынат. Бирок биз кадамды бүгүн, ушул жерден баштообуз керек.  Эл аралык коомчулуктан келген акча каражатын туура иштетип, билим берүү тармагында реформаларды жасоо мезгили келип жетти. Анын максаты кыргыз орус жана англис тилинде эркин сүйлөөнү калыптандыруу болуп саналат. Англис тили — дүйнөлүк экономикага ийгиликтүү интеграциялоо  тили» , — деп белгиледи депутат.

Депутат билим берүү жана илим министрлигине кайрылып, англис тилин жогорку окуу жайларга да киргизип, өзгөчө техникалык окуу жайлар үчүн бул маанилүү экенин айтты.

Copyright © 2017 Maral FM