Биз менен байланышыңыз

«Кыргыз тили — илимдин жана бизнестин тили болгондо өнүгөт»

Кыска кабар , Пикирлер | 21 Дек 2022 | 1039 | 0

Мамлекеттик тил — илимдин жана бизнестин тили болгондо өнүгөт. Мындай пикирин BUGUPRESS компаниясынын жетекчиси жана «Баластан» интерактив журналынын негиздөөчүсү Жаныбек Абидетегин «Маралдын» түз эфиринде билдирди.

Ал кыргыз тилинин бүгүнкү күндөгү абалын Орусияда же Кытайда жашаган улуттардын тилинин абалына салыштырды.

«Бул өлкөлөрдөгү улуттар биздегидей эле өзүнүн эне тилинде ырдашат, салтанаттуу той, иш-чараларды өткөрүшөт, өзүнүн тилинде радиосу, телеси бар, балким гезити-журналы да бар. Бирок алар өз тилинде илим жазып, же бизнес жүргүзө албайт. Биз алардан айырмаланып, эгемендүү өлкөдө жашаганыбызга карабай, мамлекеттик тилде бизнес жүргүзө албайбыз, бир да илимий иш жаза албайбыз» , — деди ал.

Жаныбек Абидетегин саясатчыларды, бизнес өкүлдөрүн жана тил үчүн күйгөн жалпы жарандарга кайрылып, кыргыз тилин илимдин жана бизнестин тилине айлантууга аракет жасоого чакырды.

Ал мамлекеттик тилди элге жеткирүүнүн эки жолу бар экенин айтат, биринчиси — сүйдүрүп, экинчиси — зарылчылык жаратып.

«Маданият өкүлдөрү, акын жазуучулар, чечендер, агартуучулар тилибизди сүйдүрүп үйрөтөт. Ал эми муктаждык жаратуу үчүн саясий эрк керек, мыйзамдар иштеши керек. Бизде мыйзам бар, Конституцияда жазылган, бирок иш жүзүндө ал жазылгандар иштебейт.

Мыйзамдын бир кемчилиги — «иш жүргүзүү мамлекеттик тилде же расмий тилде» деп белгиленген. Негизи «мамлекеттик» жана «расмий» деген сөздүн айырмасы жок, бул — «мырза» жана «эркек» деген сөздөрдөй эле, болгону саясатташып кеткен. Ошондуктан ар кандай тоскоолдуктарды издебей, баары өзүбүздүн колубузда экенин моюнга алыш керек. Мисалы, чоң-чоң бизнес кылгандарды карасаң, кыпкыргыз эле агалар. Бирок ошол бизнести расмийлештире келгенде, юиридикалык күчүн бекемдей келгенде бардык документтер орус тилинде түзүлөт», — деди Жаныбек Абидетегин.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM