Биз менен байланышыңыз

Кытай: Мектепке 5 км жөө басып, ызгаарда сабакка барган баланын окуясы

Блог | 22 Дек 2022 | 4539 | 0

Кытайда билим алууга ынтызар болгон 8 жашар баланын окуясы мындан үч жыл мурун интернетте кызуу талкууланган. Тактап айтканда чачына, кашына ак бубак туруп калган баланын сүрөтү Кытайдагы социалдык тармакта жарыяланып, андан кийин дүйнөгө тарап кеткен. Мектебине 5 км аралыкты жөө басып келген бул баланын азыркы жашоосу кандай? Интернеттеги популярдуулук анын жашоосуна кай тарапка өзгөрттү?

Кичинекей баланын күчтүү эрки тууралуу икая

Башталгыч класстын окуучусу Ванг Фуман чоң апасы жана эжеси менен Кытайдын Юннан провинциясындагы шаарчанын четинде жашайт. Шаарча тоо боорунда, катаал шартта жайгашкандыктан, цивилизациядан дээрлик үзүлүп калган аймакка кирет.

Вангдын ата-энеси өтө жакыр жашагандыктан, анын ата-энеси башка шаарга иштегени кеткен. Атасы 3-4 айда бир келип турат. Жакыр жашаган үй-бүлө балдарына кышкы баш кийим алып бергенге да мүмкүнчүлүгү болгон эмес.

Ванг жашаган үй

Билим алуу – жакырчылыктан кутулуунун жалгыз жолу

Ванг күн сайын Чжаотун шаарчасындагы мектепке дээрлик 5 км аралыкты жөө басып келет. Тоо арасындагы бул шаарчада январь айында күн өтө суук болот. Вангдын дүйнөгө тараган сүрөтү так ошол январь айындагы экзамен учурунда тартылган. Тагыраак айтканда ызгаар суукта Ванг экзаменге кечикпөө үчүн баш кийимсиз, жеңил курткачан чуркап келген.

Ванг мектепке жетип келип, класска киргенде классташтары баары каткырып жиберген. Анткени анын чачы, кашы-кирпигине чейин кар ак бубак баскан болчу. Мугалиминин эскерүүсүндө ошол күнү -9 градус суук болгон.

Вангды мына ушул сүрөтү дүйнөгө тааныткан

Ызгаар суукка карабай баш кийимсиз келген Ванг Фуман экзаменде 100 баллдан 99 балл алган. Ал жылуулук жетишпестигинин айынан ооруга чалдыккандыктан, колдору маал-маалы менен шишип турат жана кыймылдата албай калат. Себеби анын жашаган үйү да суук, мектеп да суук. Жадагалса жылуу кийимдери жетишсиз. Алар окуган мектепте жылытуу системасы жок болгондуктан, балдар калың кийимде отурушат. Ал эми Ванг сыяктуу балдарда калың кийимдер да жетишсиз.

Ванг үчүн социалдык тармак колдонуучулары 450 миң доллар топтоду

Сүрөтү интернет айдыңына тарагандан кийин Ванг Фуман Кытайда бир заматта популярдуу болуп кетет. Ага социалдык тармактагылар акча чогултуп, жалпы 3 миллион юань топтолгон. Ошол кездеги курс боюнча 450 миң доллар.

Жыйылган акча Ванг окуган мектептин жылытуу системасын курууга жана Юннан провинциясынын жакыр жашаган балдары үчүн жылуу кийим-кечек жана үйлөрүнө жылыткыч сатып алууга сарпталган. Ошондой эле Ванг окуган мектепте илимий лаборатория, компьютердик каана ачылып, спорттук техникалар белекке берилген. Мындан сырткары Ванг сыяктуу алыстан келип окуган балдар үчүн мектептин жанында жатакана да курулган.

“Пекиндеги үйлөрдө бир көйнөк менен жүрсө болот экен”

Ванг эжеси менен бирге Пекинге саякатка чакырылган. Ал өмүрүндө биринчи скутер минип, учакта учкан. Андан Пекинде таң калдырган нерсе тууралуу сураганда: «Пекинде үйдө бир көйнөкчөн жүрсө болот экен. Биз үйдө курткабыз менен уктап, көмүр жагып жылытчубуз. Мен мындай жылуу үйлөрдү биринчи жолу көрдүм. Бул өтө ажайып» — деп  жооп берген.

Ал эми ага топтолгон акчаны кайда жумшоо тууралуу суроого: «Мектепке жылытуу системасын куруп бергиле», — деп суранып, бардык кайрымдуу инсандарга ыраазычылык билдирген.

Үч жылдан кийин…

Кытайда Вангды “Муз бала” деп аташат. Ал тууралуу телеканалдар тартып, газеталарда баяндар чыккан.

Ванг учурда өз мектебинде билим алууда. Ал азыр мектепке баруу үчүн болгону 10 мүнөттүк жол жүрөт. Анын үй-бүлөсү мектепке жакын жерден шарты бар үйлүү болушкан. Атасы Кунминг шаарында ишке орношуп, айына 3 жолу үйгө келип турат. Ал эми апасы балдарынын жанына келип, үй-бүлөнүн чыгымдарына атасынын маянасы толук жетүүдө.

Алардын жашоосу азыр жыргалдуу деп айтуу туура эмес, бирок мурункудай да эмес. Алар мындан да жакшы болоруна ишенет, — деп жазган кытайлык басылма. Фумандар үй-бүлөсү учурда кошумча мал чарбачылык менен алектенип, эчкилерди багат.

Ванг билим алган мектептин имараты

Атасы, апасы, эжеси жана Ванг эчкилерин айдап баратышат

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM