Биз менен байланышыңыз

Мирзиёев: Миңге жакын мамлекеттик ишкананы жеке менчикке сатабыз

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Дек 2022 | 755 | 0

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев бүгүн, 20-декабрда парламентте калкка кайрылуу жасап жатат. Ал кайрылуусунда «Жаңы Өзбекстан» деп аталган реформаларынын пландары тууралуу айтууда.

Өзбек президенти билдиргендей, өлкөдө 2023-жылы эң ири «менчиктештирүү» саясаты ишке ашырылмакчы. Ага ылайык миңге жакын мамлекеттик ишкана сатыкка коюлат. Бул кадамдар өлкөгө инвестиция тартуу, менчиктештирүү жана мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүгүн өнүктүрүү максатында жасалууда.

Ишкерлерди текшерүү мыйзамы нааразылык пайда кылды

Ошондой эле, 2023-жылы 10 ири компаниянын жана коммерциялык банктардын акциялары калк үчүн ачык соодага чыгарылат. Мирзиёев калк бай болсо, өлкө да бай болорун айтып, калкты өлкөдөгү ири ишканалардын баалуу кагаздарын сатып алууга үндөдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM