Биз менен байланышыңыз

Аргентина 20-декабрды улуттук майрам деп белгиледи

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 20 Дек 2022 | 706 | 0

Аргентина бийлиги 20-декабрды өлкөнүн 2022-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпионатындагы жеңишинин урматына улуттук майрам деп жарыялады.

Аргентина курама командасынын футболчулары бүгүн борбору Буэнос-Айрес шаарын келет. Андан соң шаарда чемпионаттын парады башталат.

Белгилей кетсек, 18-декабрда Аргентина курама командасы 2022-жылкы Дүйнө чемпиондугунун финалында Францияны пеналтилер сериясынан  4:2 эсебинде утуп дүйнө чемпиону болду.

Аргентиналыктар 36 жылдан кийин үчүнчү жолу дүйнө чемпиону болушту. Буга чейин, команда 1978 жана 1986-жылдары дүйнө чемпиону болгон.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM