Биз менен байланышыңыз

Өкмөт Майлуу-Суу лампа заводуна насыя берди

Кыска кабар | 19 Дек 2022 | 223 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Майлуу-Суу лампа заводу» ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгү боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Анда айнек идиштерин чыгаруу, ошондой эле айнек эритүүчү мешти реконструкциялоо долбоорлору боюнча сунуштар айтылды. Маалыматка караганда, заводго 1 млрд сом өлчөмүндө бюджеттик насыя бөлүнүп, анын 400 млн сому берилген.

Акылбек Жапаров ишкананы жогорку сапат стандарттарын жана өндүрүштүн натыйжалуулугун камсыз кылуу менен толук иштетүү керектигин айтты.

«Завод керек болсо күнү-түнү, бир нече нөөмөт менен иштеши керек. Министрлер кабинети ишканага насыя берди жана биз каражаттын максаттуу пайдаланылышын көзөмөлдөйбүз. Завод өлкөнү светодиоддук лампалар, атамекендик өндүрүш ишканаларын сапаттуу айнек идиштер менен камсыз кылышы зарыл», — деди Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин чечими менен Майлуу-Суу лампа заводу тарабынан өндүрүлүүчү товарлардын тизмеси бекитилген. Ишкана мамлекеттик жана бюджеттик уюмдарды, мамлекеттик менчик үлүшү бар ишканаларды камсыздайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM