Биз менен байланышыңыз

Месси: Бул күн менин түшүмө көп жолу кирген…

Блог , Спорт | 19 Дек 2022 | 7349 | 0

Аргентина үчүнчү ирет дүйнө чемпиону болду. Ага чейин ал 1978 жана 1986-жылдары турнирде жеңишке жетишкен. 1986-жылы чемпиондукту утууга атактуу Диего Марадонанын эмгеги чоң болсо, бул ирет Аргентинанын улуттук сыймыгы Мессиден бул тарыхты күткөндөр өтө көп болчу. Учурда Месси жана Аргентинанын жеңишин Инстаграм аркылуу футбол дүйнөсүнүн жылдыздары, саясатчылар да куттукташууда.

Месси өзү 2022-жылкы Дүйнө чемпиондугун жеңгени тууралуу: «Мен муну көп жолу түшүмдө көргөм. Ушунчалык каалагам, дагы деле ишене албай турам», — деп билдирди.

 

Мессинин жубайы Инстаграм баракчасында «Лионель, “Акыры сен дүйнө чемпиону болдуң! Ушунча жыл азап чегип, бул нерсене жетүүнү каалап жүргөнүңдү биз билебиз!» — деген билдирүүсүн калтырган.

 

Федерер: «Лео дагы бир жолу улуулугун көрсөттү. »

Бразилияны 2002-жылы дүйнө чемпиону кылган Роналдо: «Мен, бразилиялыктар жана бүт дүйнө бул финалда Месси үчүн күйөрман болду. Бул — гений үчүн татыктуу жыйынтык болду.»

Уругвай курамасынын футболчусу Суарес Мессини куттуктап: “Сен дүйнө чемпионусуң. Алар каалаганын айтсын, сен эң мыктысың», — деп жазды.

Тони Кросс: Месси буга толук татыктуу, мен бул турнирде мындай жеке көрсөткүчтү башкалардан көргөн жокмун. Ал мага жаккан клубдарда ойногон жок, бирок мен чынчыл болушум керек..

Барселона футболдук клубу да Мессинин 2022-жылкы Дүйнө чемпиондугун жеңгенин четте карап турган жок. «Ал муну жасады. Сыймыктанабыз!»

Икарди: Месси -«Бул кубок сенден артык эч кимге татыктуу эмес»

Орусиялык футболчу Андрей Аршавин: «Эртең Аргентинада президенттик шайлоо болсо, Месси шайлоону утмак».

Марадонанын мурасы

Көптөгөн атактуулар көзү өтүп кеткен Аргентина курама командасынын башкы жылдызы — Диего Марадонаны айтпай коюшкан жок. Аны менен түштүк америкалыктар мурунку жолу — 1986-жылы Дүйнө чемпиондугун жеңип алышкан. Көп жылдар бою Мессини Марадона менен салыштырып келишкен: экөө тең өз муунунун кумирлерине айланган, экөө тең кыска бойлуу жана 10 номерлүү футболка кийишкен. Мессинин сынчылары анын форвард менен болгон бардык ийгилиги менен дүйнөлүк чемпиондукту жеңүүдөн да негизги нерсе жок экенин белгилешти.

Пеле

Дүйнөнүн жалгыз үч жолку футбол чемпиону, бразилиялык Пеле 2020-жылдын ноябрында каза болгон Марадона тууралуу да айтып өттү: «Месси биринчи дүйнөлүк чемпиондукту жеңип алды жана ал карьерасында ага татыктуу болду. Аргентинаны куттуктайбыз! Диего азыр жылмайып жатса керек.»

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM