Биз менен байланышыңыз

Футбол боюнча дүйнө чемпионатын эң көп утуп алган өлкөлөр (тизме)

Блог , Дүйнө , Спорт | 17 Дек 2022 | 915 | 0

Катарда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионаты азыркы учурда көпчүлүктүн көңүл чордонунда.  22-жолу өтүп жаткан чемпионатта кайсы мамлекет канча жолу жеңүүчү болгон? Алгачкы чемпионат кайсы жылы? Каерде? өткөнү жана анда, ким чемпион болгону тууралуу маалымат төмөндө.

Биринчи дүйнөлүк чемпионат 1930-жылы Уругвай мамлекетинин Монтевидео шаарында өткөн. Бул дүйнөлүк чемпионатка 13 гана команда катышкан. Анда, Уругвай улуттук курама командасы финалда Аргентинаны 4:2 эсебинде жеңип дүйнө чемпиону аталган.

Беттешке 80 000ге жакын көрүүчүлөр келип, алардын ичинде 20 гана аргентиналык күйөрман өз өлкөсүн колдоо үчүн келген.

Бразилия дүйнө чемпиондугун эң көп жеңген өлкөлөрдүн сап башында, ал дүйнөнүн 5 жолку чемпиону болгон.

Бразилия

1958-жыл (Швеция)

1962-жыл (Чили)

1970 жылы  (Мексика)

1994-жыл (АКШ)

2002-жыл (Япония, Түштүк Корея)

Германия

1954-жыл (Германия)

1974-жыл (Швейцария)

1990-жыл (Италия)

2014-жыл (Бразилия)

Италия

1934-жыл (Италия)

1938-жыл (Франция)

1982-жыл (Испания)

2006-жыл (Германия)

Уругвай 

1930-жыл (Уругвай)

1950-жыл (Бразилия)

Аргентина 

1978-жыл (Аргентина)

1986-жыл (Мексика)

Франция 

1998-жыл (Франция)

2018-жыл (Орусия)

Англия

1966-жыл (Англия)

Испания

2010 (Түштүк Африка)

Ал эми, 2022-жылкы дүйнө чемпионаты араб дүйнөсүндөгү алгачкы биринчи дүйнөлүк чемпионат. Жалпы турнирге 32 курама команда катышты. Алардын ар бир баскычында командалар иргелип отуруп финалга Франция менен Аргентина курама командалры чыкты.

Дүйнө чемпионатынын коло байгеси үчүн Хорватия менен Маракко курама командасы 17-декабрь күнү беттешет.

Ал эми финалдык беттеш 2022-жылдын 18-декабрь күнү Бишкек убактысы боюнча саат 18:00 башталат.

Белгилей кетсек, Эл аралык футбол федерациясынын чечими менен Орусия курамасы турнирге катышкан жок.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM