Connect with us

«Ачыктык бар жерде ишеним бар». Кыргызстандык ишкерлердин АКШ сапары

Блог , Пикирлер | 14 Дек 2022 | 1258 | 0

Кыргызстандык ишкерлер «Ачык дүйнө» деп аталган программа менен Америка кошмо штаттарынын бир канча штаттарын кыдырып келишти. Бул сапардын жыйынтыгы, пайдасы тууралуу «Маралдын» түз эфиринде маек беришти.

Коноктор Ноокат «Билимкана» лицейинин мүдүрү Мелисбек Музулманов, ЖИА бизнес ассоциациясынын Талас филиалынын аткаруучу директору Булутбек Имаров, Кыргызиндустрия ишканасынын эксперти Амантур Камчыбек уулу болушту.

«Марал«: «Ачык дүйнө» эмне болгон программа жана ага кантип катышса болот?

Булутбек Имаров: «Ачык дүйнө» программасы АКШ конгресси тарабынан каржыланып, Эл аралык лидерликти өнүктүрүүгө багытталган атайын программа. Ага сунуш менен катышууга болот. Биз менен чогуу Тажикстандан, Казакстандан жана Монголиядан да делегаттар барышты. Негизги максаты — Американын жарандык коомун, демократиялык түшүнүктөрүн мыйзам чыгаруучуларга, коомдогу активдүү жарандарга жеринен көрсөтүү болуп саналат.

Биз ал жерде жарандык уюмдар кандай иштейт, гранттарды кантип алышат, команда менен кантип иштешүү керек, ар бир жаранга жакшы жашоо үчүн кандай шарттар түзүлгөн, ишкерлер менен мамлекеттин байланышы кандай, ушул жана башка суроолорго жооп ала алдык.

Билим берүүдөгү айырмачылыктар

Мелисбек Музулманов: Сапардын алкагында жогорку класстарды окуткан мектепке бардык. Ал жерде башталгыч мектеп, орто мектеп жана жогорку классты окуткан мектеп өзүнчө бөлүнөт экен. Андагы шарттар, өзгөчөлүктөр айырмаланып турат, жогорку класстарды окутуу — толук кесипке багытталган. Жогорку классты бүтүргөн окуучу 16 багыттагы кошумча кесипти үйрөнүп чыга алат.

Мындан тышкары, «ваучер» системасынын аябай жакшы үлгүсү катары — чартердик багыттагы мектеп бар экен. Мисалы, жеке менчикке окшош мектеп ачылат, аны атайын бирөө уюштурат, жоопкерчилигин моюнга алат, бирок бардык каржы маселесин мамлекет камсыздап берет. Бизде болсо жеке менчик мектептерге мамлекет дээрлик көңүл бөлбөй турганын билебиз.

Бирок чартердик мектептин кандайдыр бир өзгөчөлүгү сөзсүз болушу керек экен. Мисалы, биз барган мектептеги өзгөчөлүк —  башталгыч классты дүйнөгө белгилүү болуп жаткан «монтессори» усулу менен окутат. Ошол үчүн мамлекет аларга шарт түзүп берген.

 

«Марал«: Кесиптик чеберчиликти арттыруу, демократиялык баалуулуктар боюнча түшүнүктү кеңейтүү, жеке сапаттарды өнүктүрүү багытында күтүүлөрүңүзгө жооп ала алдыңыздарбы? Сиздерди таң калтырган нерсе болдубу?

Демократияны жеринен көрдүк

Мелисбек Музулманов: Американын бир канча шаарында жүрүп, мамлекеттик жетекчи, жеке тармакта иштеген адамдар менен жолугуп, баарлашып жүрүп, чыныгы демократиялык түшүнүктү көрдүк десем жаңылышпайм.

Мисалы, ал жерде бардык нерсе ачык көрсөтүлгөн жана көп ишти эл жасаган. Баарын мамлекетке түртө салып, же өкмөттөн бир нерсе күтүп отурбай, өзү аракет кылып, шаардын өнүгүүсүнө салым кошушкан.

Бизде ыктыярчылык десе башкача түшүнөт экенбиз. Ал жакта ар бир адам ыктыярчы экен, үчтөн-төрттөн биригип алып эле, иш жасай беришет экен.

Ошончо кыска аралыкта гумандуулукту, башкаларды сыйлай билүүсүн көрдүк. Баргандан бери бир унаада жүрдүк, бир гана жолу унаанын сигнал бергенин уктук.

Биз биринчи адамдык сапаттар менен иштешибиз керек экен, мектепте болушунча кесипке багытоо, эркин ой жүгүртүүгө жана бардык адамдарга бирдей мамиле кылууга багытташ керек. Ал кандай кесипте, кайсы жолду тандабасын, башка дин тутунганына, улутуна карабай, жалпы адам катары мамиле кылууга мүмкүн болушунча шарт түзгөнгө аракет кылабыз деп келдик. Анан албетте чогуу иштеген жамааттын да көмөгү менен иш алып барганга аракет кылабыз.

Ачыктык бар жерде ишеним пайда болот

Булутбек Имаров: Демократия дегенде жарандык коом жана массалык маалымат каражаттарынын эркиндигин түшүнөбүз. Биз барганда алгач Американы таануу боюнча учкай маалымат беришкен. Ошондо «бизде бир дагы мамлекеттик ЖМК жок» деп айтышты. Биз башка штаттарга барганда да сурасак, ушуну тастыкташты. Губернатор же мэрлер менен жолугушканда да көрдүк, алар  журналисттер үчүн ачык экен, маалыматты редакция үчүн эмес, коом үчүн берип жатканын сезишет экен.

Жарандык коом жөнүндө айтсак, биз АКШнын Дюрхам деген шаарынын мэри менен жолугуштук. Ал ишмердүүлүгү боюнча коомдон жашыра турган эч нерсеси жок экенин айтып, керек болсо айлыгы өтө чоң суммада экен, ошонун ар бир тыйынын сайтына көрсөтүп коюптур. Ачыктык — коомду активдүү болууга чакырат, элдин маалыматы көп болгон сайын ишеним болот.

Бул шаарда 7 миңдей адам жашаса, калаа башчысы жума сайын өзүнүн кылган иштери боюнча маалымат жарыялап турат экен. Шаардагы калктын жарымы мэрдин социалдык тармактагы баракчасына катталган, активдүү реакция кылып турушат.

Элде маалымат жок болгондо кайдыгерлик пайда болот. Ошол үчүн ачыктык болушу зарыл, ошондо эл мамлекеттик жетекчилердин жүрүм-турумун, ишин көзөмөлдөгөнгө активдүү катышат.

Жергиликтүү бийликтин ыйгарым укуктары көп

Кыргызстанда бир канча жылдан бери бийликти борбордон алыстатуу керек, жергиликтүү бийликтин жетекчилигине ыйгарым укуктарды берүү керек дегенди айтып келе жатышат. Ошол нерсе чындап үзүрүн бергенин көрө алдык.

Вашингтондо отурган бийлик жергиликтүү маселелер менен алектенбейт. Бүт ыйгарым укуктарды, ошол эле салык, курал-жарак маселеси, бардык нерсени чечүү укугун жергиликтүү бийликке берген. Биз ушундан да үлгү алсак болот.

Жакшы нерсени көрө билүү керек

Мелисбек Музулманкулов: Американын бардык нерсесин алалы деп батышты пропоганда кылуудан алыспыз, ар бир адам маалыматты ылгашы керек. Бирок жакшы жактарын алалы.

Мисалы, ошол жерде бир ишкананын жетекчиси тамак-аш жетпей калган жарандарга акысыз тамак таратат экен. Ал «биз адамдын динине, улутуна же башка нерсесине карабай, жөн эле адам болгону үчүн гана жардам беребиз» деп жатат. Ошол үчүн «Батыш бузуку» дегендерди Америкага алып барып эле жеринен таанытыш керек, башка жолу жок.

Негизи адам тааныбаганынын душманы деп айтылат го, уккан маалымат менен чындыкты өзүң көргөндө такыр башка тыянакка келесиң. Эң негизги нерсе, динине, расасына карабай адамдын эркиндиги, укугу биринчи орунда турарын түшүнүү зарыл.

Калктын орто катмарын көбөйтүү аракети

Булутбек Имаров: Негизи өлкөдө калктын орто катмары көбөйгөндө баланс сакталат эмеспи. Америкага барганда мамлекет ажырымды азайтып, орто катмарды көбөйтүүнүн үстүндө кандай иш алып барганына күбө болдук. Мисалы, өлкө 30-жылдары мыйзам кабыл алып, элди турак-жай менен камсыз кылууга киришкен экен. Мен үчүн бул жаңылык болду. Себеби биз да Кыргызстанда орто катмарды кантип көбөйтүү керек деген маселенин үстүнөн ойлонуп келебиз.

Америкада жашоону каалагандар көп 

Мындан тышкары, ооба, батышты идеалдаштырбоо керек, себеби ачык болгон коомдо түрдүү адамдар жашайт.

Ошол эле учурда, Кыргызстандан Америкага же Европанын башка өлкөлөрүнө кетүүнү каалагандар көп. Акыркы учурда мыйзамсыз жолдор менен кеткендер да өтө арбын болууда. Мындай абал бизде эле эмес, дүйнөнүн башка мамлекеттеринде да бар экен. Мисалы, биз барган штатта эки-үч диаспоранын өкүлдөрү көп экен, алар чакан эле өлкөнүн жарандары.

Башкача айтканда, АКШ — эл агылган, барууну каалаган жер. Себеби адамдын мүмкүнчүлүгүн ачып, талантын ишке ашырганга шарт түзгөн жер. Канча иштесең, ошого жараша жашай аласың.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM