Биз менен байланышыңыз

«Ыш өнөкөт дарттарды козгоп, вирустук инфекцияны күчөтөт»

Коом | 12 Дек 2022 | 537 | 0

Дүйнө боюнча абанын сапатын көзөмөлдөгөн World Air Quality тиркемесинин маалыматы боюнча бүгүн Бишкекте абанын индекси 344тү көрсөтүп турат. Бул көрсөткүч нормадан 4 эссе жогору.

Эколог Анара Султангазиеванын айтымында, Бишкек шаарынын абасынын булганышына ЖЭБ, жаңы конуштарда, мончолордо, желим нерселер менен сапатсыз көмүрдүн  жагылышы, унааларга куюлган сапаты начар күйүүчү майлар чоң таасир тийгизип жатат. Ал өкмөт тарабынан атайын адистер менен бирге иш алып барылбай, жылда берилген убада акткарылбай жаткандыгына нааразы.

«Бизде жагылып жаткан көмүрлөр бышпаган Б-З категориясына кирет. Шаарда каршы-терши салынган үйлөр шамалдын жүрүүсүнө тоскоол болуп, желдетүүчү жолдордун баарына бөгөт коюп салышкан. Борбордук ЖЭБди, мектептерди, конуштарды газга өткөрүү мүмкүн эле, анткени алар ошого ылайыкташкан. Бирок, өкмөт тарабынан жылда айтылып, аткарылбай жатат. Сапаты начар, аткезчилик менен келген күйүүчү майларды колдонобуз. Чоң жүк ташуучу дизель майы менен жургөн унаалар шаарга кирбеши керек. Алар дагы абанын булганышына чоң таасир этет. Таштанды полигонун куруу үчүн, Европа Биримдиги тарабынан 22 миллион доллар акча  бөлүнгөн анын дайыны жок, салынбай жатат».

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын текшерүү бөлүмүнүн башчысы Медетбек Анарбек уулу билдиргендей, жеке сектордо жашагандардын арасынан синтетикалык таштандыларды жаккан фактылар катталууда. Өкмөт трабынан кара түтүн менен күрөшүүдө  азырынча  рейд иштери, тушундүрүү иштери гана жүрүп жатат.

“Тыюу салынган ар кандай таштандыларды жагууларды токтотуу боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Айып пул салынып жатат. Ошондой эле унаа ээлерине булганыч заттардын нормадан ашык чыгаруу боюнча эскертүүлөр берилип жатат. Кара түтүндүн пайда болушуна ЖЭБ көп деле таасир бербейт. ЖЭБнун атайын лабораториясы бар, ал жактан тешерилип анан жагылат. Кара түтүндү эң көп пайда кыла турган бул жер үйлөрдө жагылган синтетикалык каражаттар көбүрөөк таасир берүүдө. Ал эми газдаштыруу боюнча мэрияга кайрылганбыз”. 

Дүйнө жүзүндөгү экологиялык абал жыл санап өзгөргөндүгүнө байланыштуу, дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан кара түтүн, өзгөчө улгайган жана  жаш балдардын ден соолугуна өтө кооптуу экени  айтылып келет. Ошондой эле жүрөк-кан тамыр, баш оорулары, дем алуунун кысылышы, кыйындашына алып келет. Абанын индекси өйдө болгон учурда өнөкөт оорусу барлар каза тапкан учурлар көбүрөөк катталат. Ал эми Кыргызстандагы кир абанын ден соолука зыянын дарыгерлер, так белгилеп айта албайт. Себеби атайын изилдөө жүргүзүлө элек. Жалпы дарыгер Гүлнара Сарыеванын айтымында, Бишкектеги ыш өнөкөт ооруларды же азыркы учурда жүрүп жаткан вирустук инфекцияны күчөтүшү мүмкүн.

“Кир аба албетте адамдын ден соолугуна терс таасирин тийгизет, бирок канчалык деңээлде жана кандай таасир тийгизишин айтууга болбойт. Ал үчүн атайын изилдөө жүргүзүү керек. Бизде азыр Саламатык сактоо министирлиги тарабынан изилдөө башталды, бирок ага каражат керектелет. Акыркы учурларда Бишкекте өзгөчө балдар арасында өпкө,онкололгиялык, жүрөк-кан тамыр, аллергиялык оорулар көбөйүп жатат. Бирок бул оорулар бир гана кир абадан эмес тамак- аш, жашоо шарттан дагы көз каранды болот. Кир аба бул майда кир болуп эсептелет. Кайсы ооору болбосун аны күчөтүү касиетине ээ”.

Кир абанын зыянынан сактануу үчүн төмөнкү эрежелерди сактоо сунушталат.

  1. Унаалар көп токтогон жерден качуу
  2. Атайын респиратору бар бет кап таныгуу
  3. Көчөдө көп убакыт болбой турган оң
  4. Спорт менен үйдө жана жабык имараттарда машыгуу
  5. Терезе жана эшиктерди жабык кармоо
  6. Абаны тазалоочу жабдыктарды колдонуу
  7. Тоого же таза аба бар жерге чыгуу сунушталат.

 

Copyright © 2017 Maral FM