Биз менен байланышыңыз

Месси кыялына жете алабы? Аргентина курамасы тууралуу эмнелер белгилүү?

Блог , Спорт | 12 Дек 2022 | 686 | 0

Катарда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын жарым финалдын алгачкы оюну “Лусаил Иконик” стадионунда Аргентина менен Хорватиянын ортосунда болот.

Биз бүгүн Аргентина курамасынын бул оюнду жеңүү мүмкүнчүлүгү кандай экени жана артыкчылыктары менен кемчиликтери тууралуу талдап берели деп чечтик.

Аргентинанын бренди «Месси»

«Чү» дегенде эле Аргентинанын көзгө басар Месси деген бренди бар. Ал топту жеке өзү башкарууда бир да оюнчуну алдына салбайт, андыктан беттеш тагдырын өз колуна алып хорваттардын коргоочуларын эле эмес жарым коргоочуларын да жазгырып өтүү ал үчүн маселе эмес. Анткен менен футболдо жазылбаган дагы бир мыйзам бар, оюн эрежесин бузуп болсо да мыктынын мыкты аракетин токтотуу. Ооба чындап эле ушундай, анткени Месси футбол тарыхында дриблинг кылган оюнчулардын тизмесинде сап башында турат. Хорваттар бир эле учурда эки, үч оюнчу менен Мессинин өзүнө каршы коргонуп, кези келгенде сары айып кагазын алууга кайыл болушаары анык.

Кызыгы бул эки команда буга чейинки орун алган акыркы дүйнө биринчиликтеринде финалда утулуп калган командалар: 2014 жылы Аргентина Германияга 1:0 эсебинде финалда уттуруп койсо, Хорватия 2018-жылы француздарга 4:2 эсебинде багынып беришкен эле.

Хорватия «оңой жоо» эмес

Дагы бир эске ала турчу жагдай 2018-жылы дүйнө кубогунун группалык баскычында Аргентина менен Хорватия кез келген, анда айтылуу кызыл ак түстөгүлөр 3:0 эсеби менен ишенимдүү жеңип алышкан.

Модрич баштаган Хорватия курамасы Аргентинага оңой-олтоң баш ийип бербейт экенин иш-жүзүндө бул ирет да далилдеши мүмкүн. Бирок кантип? — деген суроо жаралса, анда жооп төмөнкүчө: Хорваттардын ортоңку бөлүктөгү оюнчулары мыкты байланышты түзө алышат, топту өздөрүнө кармоо стилин колдонуп кези келгенде Модричтин сыйкырдуу пастарын голго айланта билет. Чабуулчулары да бул ыкмага ыңгайлашкан. Барган сайын «жашарган» Модрич да пастык өткөрүүлөрүн тактыгы боюнча биринчиде экенин айтпасак болбос. Ал эле эмес Неймар баштаган Бразилияны үйүнө жөнөтүп сенсацияны мурда эле жаратышкан, кайрадан финалда көрүп калсак, таң калуунун деле кажети жок.

Дибала менен Ди Мариянын жоктугу сезилет

Лео буга чейин «гол + пас» системасында «4+2» деген көрсөткүчтө болсо, командалаштары азырынча мыкты футбол көргөзө элек. Оюнду Мессинин айланасында жүргүзүшөт, бул деген кадимки кеме капитанынын сөзүнө жараша кеменин багыты өзгөргөндөй эле таасир калтырат. Бирок кемеге түшкөндүн жаны бир дегендей, тактикалык жүрүштө жаза тайышса, анда эле Аргентинанын «деңизге чөккөнү» дей бериңиз. Ак-көк түстөгүлөр үчүн ансыз да чоң жоготуулар бар, чабуулчулар Дибала менен Ди Мариянын жаракаттары болбогондо дагы да күчтүү болушмак. Себеби талаада алардын жоктугу ачык билинүүдө. Керек болсо дал ушул эки оюнчу Месси жок болгон күндө да, анын жоктугун билгизбей кете ала турган күчкө ээ болчу.

Аргентина курамасынын башкы машыктыруучусу — Линонель Скалони. Ал өзү мурдагы футболчу, Аргентина курамасынын оң канаттагы жарым коргоочусу болчу. Скалони команданын башына 2018-жылы келген. Анын жетекчилиги астында аргентиналыктар «Америка кубогу — 2021» жеңип алган. Бул дүйнө чемпионатында Аргентина Сауд Аравияга утулган соң, Скалони оюндун тактикасын алмаштырды. Эксперттердин айтымында, Аргентинанын жарым финалга чейин жетип келүүсүндө Скалонинин өзгөртүүлөргө баруусу себеп болду деп белгилешет.

Аргентинанын коргоонуусу алсыз

Коргонуу бөлүгүн карай турган болсок бир нече суроолор пайда болот. Себеби ортодо мыкты байланышты түзө алган хорваттарга туруштук берүү үчүн бразилияныкындай коргоочулар керек. ал болбосо айтылуу португалияныкындай Диаш, Кансело, Пепе сыяктуу дөө-шаалар болсо абал башкача болмок. Анткен менен Бразилия да Португалия да үйлөрүнө кеткен, демек мыктыраак болгон үчүн азырынча Аргентина финалга жакын болуп турат. Негизи аргентиналыктар үчүн Хорватия эң ыңгайсыз команда, ушул жарым финалдан кийин кимиси утса да чыныгы мактоого ошолор татыйт. Себеби бул оюнда кокустук же сенсация орун албайт, тескерисинче чыныгы тактикалык футбол, көп сандагы чабуулдар, кооптуу учурлардын көптүгү менен эсте калат деген ишенимдебиз. Дарбазачылардын буга чейинки аракеттерин эске алсак коп гол кирет деп да айтуу кыйын, болгону Мессинин генийлиги же Модричтин пастары бир секундда оюндун жүрүшүн өзгөртүп коюшу мүмкүн.

Мессинин соңку мүмкүнчүлүгү

Көптөгөн эксперттердин жана букмекерлердин берген баасы боюнча Месси жана анын командасы фаворит, ооба чындап эле ошондой. Роналду үчүн кол жеткис бойдон калып калган дүйнө кубогун алуу Месси үчүн дагы эле мүмкүн бойдон сакталууда. Эгер ушунусунда Аргентина жеңишке жетпесе, футбол тарыхындагы атаандаштыгы эң узакка созулган Месси жана Роналду дүйнө кубогусуз карьераларын жыйнтыктайт. Себеби экөөнүн тең акыркы мүмкүнчүлүктөрү Катар-2022.

Хорватия чемпион болуу кыялына жетеби? Бул команда тууралуу эмнелерди билишибиз керек?

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM