Биз менен байланышыңыз

Катар-2022: Аргентина дүйнө чемпионатынын жарым финалында

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Дек 2022 | 456 | 0

Аргентина Голландияны жеңип, 2022-жылкы Дүйнө чемпиондугунун жарым финалына өттү.

Чейрек финалдык беттеште командалар негизги убакытта 2:2 эсебинде тең чыгышты. Аргентиналык Науэль Молина биринчи болуп Лионель Мессинин чыгарып берген тобу аркылуу гол киргизди. Кийинчирээк Месси пенальтиден гол киргизди.

Воута Вегорст Голландия курама командасы үчүн эки гол киргизди. Пенальтилер сериясында Аргентина курама командасы күчтүүрөк болуп эсеп 4:3 болду.

89-мүнөттө футболчулар мушташа кетишти. Мушташ аргентиналык Леандро Паредестин одоно эреже бузуусунан улам чыгып, андан соң Голландия курама командасынын запастагы оюнчулары талаага чуркап чыгышкан. Жыйынтыгында Паредес сары айып кагазын алды.

Буга чейин жарым финалда Аргентинанын атаандашы аныкталган. Алар Бразилиянын командасын жеңген Хорватия курамасы болду.

Жарым финалдык жолугушуу 13-декабрда болот.

Copyright © 2017 Maral FM