Биз менен байланышыңыз

Катар-2022: Бразилиянын башкы машыктыруучусу кызматынан кетти

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 10 Дек 2022 | 386 | 0

Бразилия курама командасынын башкы машыктыруучусу Тите Дүйнө чемпиондугунда Хорватияга утулгандан кийин пресс-конференцияда кызматынан кеткенин жарыялады.

«Азаптуу жеңилүү, бирок мен өзүм менен тынчмын. Циклдин аягы. Мен бул тууралуу бир жарым жыл мурун айткан элем. Мен өз ордумду сактап калуу үчүн драма тарта турган адам эмесмин. Муну мени тааныгандардын баары билет», — деп билдирди.

61 жаштагы Тите 2016-жылы Бразилиянын футбол боюнча курама командасын жетектеген. Команда машыктыруучунун жетекчилиги астында 2019-жылы Америка Кубогун жеңип алган.

2018-жылы Орусияда өткөн дүйнө чемпионатында бразилиялыктар 1/4 финалга чейин жетип, Бельгиянын командасына утулуп калган.

Буга чейин, Бразилия курама командасы Катарда өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалында Хорватияга пенальтилер сериясында 2:4 эсебинде утулуп калышты.

Катар-2022: Хорватия Бразилияны утуп жарым финалга чыкты 

Copyright © 2017 Maral FM