Биз менен байланышыңыз

Катар-2022: Хорватия Бразилияны утуп жарым финалга чыкты

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 10 Дек 2022 | 440 | 0

Хорватиянын курама командасы Катарда өтүп жаткан  Дүйнө чемпиондугунун биринчи жарым финалчысы болду.

Дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыгуу үчүн Бразилия менен Хорватия курама командалары оюн өткөрдү.

Беттешттин негизги убакыты 0:0 эсебинде жыйынтыкталып, кошумча убакытта командалар бирден гол киргизишти. Биринчи болуп бразилиялык чабуулчу Неймар атаандаштарынын дарбазасына сокку узатты.

Андан соң  хорватиялык чабуулчу Бруно Петкович эсепти теңеди.

Бул жупта мыктылар пенальтилер сериясы менен аныкталды.

Анда эсеп сандарды 4:2 болуп Хорватия курамасынын пайдасына чечилди.

Copyright © 2017 Maral FM