Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев жана 15тен ашык депутат сейрек кездешүүчү жаныбарларга аңчылык кылууга үч жылдык мораторий киргизүүнү сунуштап жатат. Тийиштүү мыйзам долбоору коомдук талкуудан өткөн, өкмөттүн корутунду чыгарылышы күтүлүүдө.
Депутат Эмил Токтошев «Марал» радиосунун түз эфиринде маек куруп жатып, мыйзам кабыл алынса кулжа, аркар, тоо эчки, теке, элик, бугу, марал, доңуз сыяктуу жаныбарларга аңчылык кылууга 2023-2026-жылдарга тыюу салынарын айтты.
Учурда мыйзам долбоорунун алкагында жапайы жаныбарлардын санын тактоо иштери жүрүп жатат.
«Биз бул маселени үчүнчү жолу көтөрүп жатабыз. Жоголуп кетүү коркунучунда турган жапайы жаныбарлардын санын сактап калуу максатында утурумдук мораторий киргизүүнү сунуштаганбыз. Мыйзам долбоорун Экология министрлиги колдоду, буга чейин каршы болуп келген. Бирок кээ бир аңчылык фирмалардын суроосу менен азыр жапайы жаныбарларга санак жүргүзүлүп жатат. Эгер чын эле алардын саны азайып жаткан болсо, анда мыйзам долбоорун колдойлу деп жатышат. Санак жүргүзүүгө өзүм да катышып атам. Өзүңөр билсеңер керек, эки жыл мурун Өзбекстандан жейренди алып келгенбиз. Азыр марал азайып аны Алтайдан ташып жатабыз. Ушундай кейипке түшүп калбаш үчүн азыртан чара көрүү керек» , — деди депутат.
Демилгечилер аңчылык кылууга мораторий киргизилгенден кийин министрлер кабинети экология министрлигинин техникалык базасын чыңдап бериши керектигин айтышат. Терең анализ кылынбай, жөн эле тыюу салынып калса, мыйзам долбоору тескери эффект бериши мүмкүн.
Мыйзамдын иштеп кетишинде негизги ролду өкмөт жана экология министрлиги аткарат.
Депутат Токтошев өкмөткө мындай кайрылуу кылды:
«Биздин өкмөт тереңирээк ойлонуп, жаратылыш баалуулуктарын акча менен баалабаса. Себеби азыр көп сөз болуп жатат, угуп атабыз, «бюджетке акча түшүп жатпайбы, уруксат бере бербейлиби, эмне эле болуп жатасыңар» деген сөздөр болууда.
Туура, акча түшүп жатат, бирок акча менен биздин жаратылыш байлыктарын алмаштырбаш керек. Биз 5-10 жыл деген жокпуз, бираз тыным кылалы, анан жыйынтыгын көрөлү деп жатабыз. Керек болсо аңчылык чарбалар да жаныбарларды кайтарып беришет.
Мындан төрт-беш жыл мурун аңчылыктан бюджетке 15- 20 млн сом түшчү. Азыр мен угуп жатам, көбөйүптүр. Ошол үчүн биз кооптонуп жатабыз, өкмөттө акча санаганды жакшы көргөндөр бар да, эми тандоо керек — акчаныбы же жапайы жаныбарларды сактап калуунубу? Муну убакыт көрсөтөт » , — деди Токтошев.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жаныбарлар дүйнөсү бөлүмүнүн башчысы Адис Мадиев билдиргендей, алдын ала эсеп боюнча быйыл аңчылыктан 150 млн сом түштү.
Анын 35 пайызы айыл өкмөттөргө бөлүнөт, 65 пайызы бюджетке кетет. Мурун 40 пайызы биотехникалык иш-чараларга жумшоо максатында мергенчилик чарбаларга берилчү, мисалы, жаныбарларга чөп, туз жана башка нерселерди алууга.