Биз менен байланышыңыз

«Чемпионатка байланыштуу бааны кымбаттаткан учур жок». Катардагы мекендеш менен маек

Блог , Спорт | 1 Дек 2022 | 982 | 0

Көп жылдан бери Катар мамлекетинде иштеп, бугүнкү күндө футбол боюнча дүйнө чемпионатынын оюндарына күбө болуп жүргөн мекендешибиз  Доктурбек Кадырбек уулу менен баарлаштык. Ал дүйнө чемпионатындагы  кызыктар жана буга чейинки болгон чемпионаттардан айрымачылыгы жөнүндө айтып берди.

Катарда жүргөнүмө 6 жыл болду

Мен, Доктурбек Кадырбек уулу Нарын облусунун Ак-Талаа районунан болом. Бул жакта жашап, иштеп жүргөнүмө 6 жыл болуп калды. Учурда Катар Airways Discovery департаментинде логистика боюнча иштейм.

 Чемпионатка даярдык эң жогорку деңгээлде болуптур

Катар чакан өлкө болгондуктан, башында баарында эле суроолор пайда болгон, миллиондогон адамды кантип батырат, аэропорту кичинекей, жолдорундагы ремонттору бүтө элек деген сыяктуу. Бирок анын баарын жокко чыгарды десем болот. Өзүм да таң калдым.

Эски аэропортун кайрадан ачып, жаңы Люсеил деген шаар курушту. Шаардагы болгон оңдоп-түзөө иштерин убагында аякташты. 20 миңден ашуун ыктыярчыны жалдашты.

Албетте, кемчилик да болот алардын бири Haya Card менен билет саткан борборлордун аздыгы болуп жатат, ошондон улам кезек күтүп, убакыт кетип калууда.

Бирок ага карабай, бул жакта жашоочулардын, келген футбол күйөрмандарынын маанайы эң сонун, ар бир жерде майрамдык маанайды сезсең болот.

Катар бул чемпионатка 12 жылдан бери даярданып келгени баарыбызга белгилүү, жалпылап айтканда, жыйынтыгы жаман эмес. Уюштуруу жагы эң жогорку деңгээлде десем болот.

Чынында башка чемпионаттардан өзгөчө өтүп жатат

Катардагы дүйнөлүк чемпионаттын айырмачылыгы, бардык оюндар бир шаардын эле ичинде болуп жатканында десем болот.

Буга чейинки, 2018-жылы Орусиядагы эле чемпионатты салыштырсак, ал жакта оюндар бир канча шаарда болгон. Бир шаардан экинчи шаарга баруу үчүн, учак же поездге отуруу керек болгон. Мындай нерсе көпчүлүгүнүн убактысын алган. Ал эми, Катарда болсо бир күндө бардык матчтарга барганга мүмкүнчүлүк бар. Себеби, стадиондор бири-бирине жакын жайгашкан. Ар бир стадиондун алдында метро станциясы бар. Эң алыс деген стадиондордун аралыгы метро менен бир саат гана убактынды алат.

Мындан тышкары, баарына белгилүү болгондой стадиондун аймагында алкоголь ичимдиги сатылбаганы десем болот, анткени коноктор көп кооптонбой, кичинекей балдары менен келип көрүп жатышат.

Күйөрмандар эң көп Түштүк Америкадан келишкен

Өзүм эки оюнга бардым, Түштүк Корея -Уругвай жана Голландия-Эквадор курама командалардын беттештерин көрдүм.

Бүгүн, 1-декабрда Австралия менен Даниянын оюнуна барам.

Бул чемпионатта Европа өлкөлөрүнөн келген күйөрмандар азыраак, басымдуу бөлүгү Араб жана Катар мамлекети менен чектешкен өлкөлөрдөн келип жатышат деп айтсам болот.

Мындан тышкары Түштүк Америкадан келген күйөрмандар өтө көп.

Баалар өтө деле өзгөргөн жок

Мындай дүйнөлүк масштабдагы иш чарада, баалардын өзгөргөнүн деле байкаган жокмун. Кээ бир стадиондун ичинде жана «фанзоналарда» бир аз кымбаттаган. Бирок супермаркетте, ресторанда жана транспорт баалары ошол бойдон калган.

Азыр бул жакта эмгектенип жүргөн кыргыз бир туугандарыма жолугуп жатам, атайын футбол үчүн келген кыргыздар дагы болсо керек. Атайын футболго келген казак туугандарды көп көрдүм, жолугуп таанышкан учурлар көп эле болуп жатат.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM