Биз менен байланышыңыз

Президент кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимге кол койду

Кыска кабар | 29 Ноя 2022 | 524 | 0

Президент Садыр Жапаров “2022-жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. 

 Мыйзам Жогорку Кеңеши тарабынан 17-ноябрда кабыл алынган.

Мыйзам ушул жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган кыргыз-өзбек Мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө Келишимди ратификациялоону сунуштайт.

3-ноябрда Бишкек шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимге кол коюлуп, ага 302,29 км аралыктагы участоктор кирген.

Copyright © 2017 Maral FM