Биз менен байланышыңыз

Алмаз Имангазиев тышкы иштер министринин орун басары болду

Кыска кабар | 27 Ноя 2022 | 303 | 0

Алмаз Имангазиев тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Маалыматта «Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 18-беренесине ылайык, Алмаз Имангазиев тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалды», — деп айтылат.

Алмаз Имангазиев Түркмөнстанга элчи болуп дайындалган Азизбек Мадмаровдун ордуна дайындалган.

Ал буга чейин Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин жетекчиси кызматын аркалап келген.

 

Copyright © 2017 Maral FM