Биз менен байланышыңыз

Камила Талиева Мамдуманын депутатына жооп кайтарды

Кыска кабар | 26 Ноя 2022 | 602 | 0

Орусия Мамдумасынын депутаты Светлана Журованын пикирине Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева жооп кайтарды. Депутаттын пикири Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.

Ал Журованын сөзүн өнөктөш өлкөнүн ички ишине кийлигишүү катары баалады. Ошондой эле жер-суу аттарын өзгөртүү Орусиянын өзүндө да болуп келерин белгиледи.

«Административдик-аймактык аталыштарды, анын ичинен Бишкек шаарындагы райондордун аттарын өзгөртүү тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин демилгеси тууралуу айтсак, бул эгемен мамлекетибиздин ички иши жана Кыргызстан менен Россиянын алакасына эч кандай тиешеси жок. Себеби, айыл-шаарлардын атын өзгөртүү демилгеси Россия Федерациясынын өзүндө да ийгиликтүү ишке ашырылып, Свердловк шаары Екатеринбург, Ленинград шаары Санкт-Петербург деп жаңыртылганы баарыбызга белгилүү«, — деген ал.

Мындан тышкары ал Светлана Журованы эки өлкөнүн кызматташтыгына терс таасир эткен пикирлерди айтпоого чакырып өттү.

Бишкектеги райондорду кыргызча атоо демилгесин Орусия сындап чыкты

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM