Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги райондорду кыргызча атоо демилгесин Орусия сындап чыкты

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Ноя 2022 | 921 | 0

Орусия Мамдумасынын депутаты Светлана Журова Кыргызстан Украинанын жолуна түшкөнү калды деп айыптады. Бул тууралуу ал «Москва сүйлөйт» радиосуна берген маегинде айтты.

Ал өз сөзүндө Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Бишкекте өткөн элдик курултайда сүйлөгөн сөзүнө, көтөргөн демилгелерине комментарий берди.

Светлана Журованын айтымында, Орусия менен Украинанын чатагы да украин тилине артыкчылык берүүдөн башталган.

«Бул жөн маселе эмес. Бул — орус тилин сүрүп чыгууга болгон алгачкы майда кадам. Мен мындан эч күмөн санабайм. Биз тарап андай кылбоону эскертиши мүмкүн, себеби бул нерсе Кыргызстандагы орус тилдүү жарандардын укугун бузат. Антпесе, маселе акырын мектептерге да өтүп, Грузия сыяктуу орус тили окутулбай калат. Ошентип байланыш үзүлөт. Биз билебиз, Украина да ушинтип баштаган. Улуттук тилди коргоонун арты убакыттын өтүшү менен орус тилдүүлөрдүн калбай калышына жеткирет», — деген ал.

Айта кетсек, Нурланбек Шакиев курултайдагы сөзүндө Кыргызстандын ар бир жараны мамлекеттик тилди билиши зарылдыгын, ошол эле учурда бир катар аймактар ушул кезге дейре чет тилде аталып жүргөнүн, андыктан аларды кыргыз тилине которууну алгач Бишкек шаарынын төрт районунан баштоо керек экенин белгилеген.

Бишкек шаарындагы райондордун аталышын өзгөртүү сунушун Жогорку Кеңештин жалпы отурумунда депутат Айбек Алтынбеков да айткан эле.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM