Биз менен байланышыңыз

Депутат Өмүрзаков: Жогорку Кеңештин ичинде чыңалуу пайда боло баштады

Кыска кабар | 24 Ноя 2022 | 730 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Сүйүнбек Өмүрзаков парламенттин 24-ноябрдагы жыйынында төрага Нурланбек Шакиевди депутаттардын маселесине олуттуу көңүл бурууга чакырып, алардын башын бириктириши керектигин айтты.

Ал Жогорку Кеңештин ичинде топ-топко бөлүнүп, чыңалуу пайда боло баштаганын айтты.

«Нурлан Тургунбекович, сиздин төрага болуп отурганыңызга аз эле убакыт болду. Биз ишеним көрсөтүп, сизди бир добуштан шайлаганбыз. Сиз отурган жетинчи кабатта депутаттын иш бөлмөсү бузулуп, анын иш кагаздарын сыртка алып чыгышты, бул туура эмес. Бул — Бакировду эле эмес, 90 депутатты сыйлабагандыкка жатат. Биз эл өкүлдөрүбүз.

Жакшы сөз бар, бир муштум, бир билек болбойлубу? Азыр чоң держаларда уруш-согуш болуп жатата. Биздеги ынтымаксыздыктан улам кол салып жатышат, канчалаган жарандар каза болуп кетип жатат. Ынтымакта болууга убакыт келди го? Сиз төрага катары депутаттардын башын бириктиришиңиз керек го. Депутаттын иш бөлмөсү боюнча да аткаруу бийлиги жоопкерчиликти көрүшү керек. Жогорку Кеңештин ичинде топ-топко бөлүнүп, чыңалуу пайда боло баштады, муну ачык эле айтуу керек. Эми ошону бириктире турган адам сиз да» , — деди Сүйүнбек Өмүрзаков.

Депутат Бакиров ар тараптан саясий кысым болуп жатканын айтты

Депутат Өмүрбек Бакиров Жогорку Кеңештеги иш бөлмөсүнөн чыгарылган. Эл өкүлдөрү ал азыр да бөлмөсүз жүргөнүн айтып жатышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM