Биз менен байланышыңыз

Мамытов: Жогорку Кеңештин имараты президенттин иш башкармалыгына өткөрүлгөн эмес

Кыска кабар | 24 Ноя 2022 | 740 | 0

Жогорку Кеңештин имараты президенттин иш башкармалыгына өткөрүлүп берилген эмес. Бул тууралуу депутат Талант Мамытов парламенттин 24-ноябрдагы жыйынында айтты.

Ал кесиптеши Өмүрбек Бакиров үч күндөн бери иш бөлмөсүз жүргөнүн жана бул маселени чечүү керектигин талап кылды.

«Конституция боюнча депутаттын жумушу орду камсыз кылынышы жана коопсуздугу сакталышы керек» , — деди Мамытов.

Дагы бир депутат Мирлан Самыйкожо да кесиптешинин иш бөлмөсү жок жүргөнүн айтып, муну чоң талкууга айлантпай, төрага дароо чечсе туура болмок деген оюн билдирди.

«Биздин кесиптешибиздин кабинети мыйзамсыз алынды, ал үч күндөн бери бөлмөсүз жүрөт. Биз ар бирибиз буга кайдыгер болбошубуз керек» , — деди Самыйкожо.

Жогорку Кеңештин 17-ноябрдагы жыйынында депутат Өмүрбек Бакиров менен УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев айтыша кеткен. Бакиров Ташиевге кыргыз-өзбек чек арасындагы Керкедан аймагы боюнча суроо узаткан.

Экөө айтышып жаткан учурда залда отурган «Ата журт-Кыргызстан» фракциясынын депутаты Фархад Исмаилов Бакировго карай жулкунуп, башка депутаттар да чогулуп, кесиптештерин арачалап калышкан.

Жогорку Кеңеш ал жыйында кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун дароо үч окууда карап, кабыл алган.

Бул окуядан кийин депутат Бакиров Жогорку Кеңештеги кызматтык бөлмөсүнөн чыгарылган жана ага башка бөлмө берилери айтылган.

Талант Мамытов 2021-2022-жылдары Жогорку Кеңештин төрагасы болуп иштеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM